Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Депутат Абжалиев кадыр-баркын коргоону өтүнүп сотко кайрылды


Алиярбек Абжалиев
Алиярбек Абжалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычовду сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алга Кылычов өзү билдирди.

Абжалиев соттон ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону өтүнгөн.

Кылычовдун айтуусунда, анын “Фейсбук” баракчасындагы посту Абжалиевдин арыз жазуусуна негиз болгон.

Анда Кылычов Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуу жайында катталган адам өлүмү тууралуу жазган.

Депутат Алиярбек Абжалиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

27-июлда Ысык-Көлдүн Бостери айылында жайгашкан пансионаттын аквапаркына суу толтурууга ылайыкташкан түтүк соруп кеткен 18 жаштагы улан каза тапкан.

Эс алуу жайында катталган адам өлүмүнө байланыштуу эки кылмыш иши козголгон.

Алиярбек Абжалиев – экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын Атабек аттуу уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.

Ага ушул жылдын башында мыйзамсыз баюуга шек саналып, кылмыш иши козголгондон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Июлда Кыргызстанга кайтып келип, парламенттин кезексиз сессиясына катышты. Ал козголгон кылмыш ишинин негизинде мамлекетке 20 млн. сом төккөн.

Алга Кылычов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Ал "Кой-Таш иши" боюнча 2019-жылы август айында камакка алынган. Кийин тергөө менен кызматташууга барып абактан бошотулган. 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин тергөө менен кызматташуудан баш тартканын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG