Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

АКШ Ооганстандагы 20 жылдык миссиясын аяктады


АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн учагы Кабул аэропортунан учуп чыгып баратат. 30-август, 2021-жыл.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн учагы Кабул аэропортунан учуп чыгып баратат. 30-август, 2021-жыл.

Вашингтон ооган жергесинен аскерлерин толук чыгарып бүткөнүн АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачылыгынын жетекчиси, генерал Кеннет Маккензи билдирди.

АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы Кабул аэропортундагы аба каттамдарынын жүрүшүнө эми алар жооптуу эмес экенин жарыялады. Августта америкалык аскерлер эвакуацияланып жаткандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кабул эл аралык аэропортундагы каттамдарды өз көзөмөлүнө алган.

31-августта Кабулда талибдер асманга ок атып, америкалыктардын чыгып кеткенин белгилешти. «Америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып кетти, эми биздин өлкө толук көз карансыздыкка ээ болду” – деди “Талибандын” расмий өкүлү Забихулла Мужахид.

Кабулдан учкан С-17 үлгүсүндөгү акыркы учак менен АКШнын Ооганстандагы элчиси Росс Уилсон да кетти.

“Аскердик эвакуация аяктады, бирок АКШнын жарандары жана өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган оогандыктар үчүн дипломатиялык миссия уланат”, - деди Маккензи.

Президент Жо Байден 31-августка чейин Ооганстандан аскерлерди толук чыгарып кетүүнү тапшырган. Ошентип америкалык күчтөрдүн ооган жергесиндеги 20 жылдык миссиясы аяктады.

14-августтан тарта АКШ башка союздаштары менен 122 миңден ашуун кишини ооган жергесинен эвакуациялады. Ак үйдүн маалымат катчысы Ооганстандан 6000дей америкалык жаран чыгып кеткенин белгиледи.

Дүйшөмбүдө Улуттар Уюмунун Коопсуздук комитети Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылын өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган оогандыктардын жана чет элдиктердин жолун тоспой чыгарып жиберүү тууралуу убадасын аткарууга чакырды. Документти Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү колдоп, Кытай менен Орусия “калыс” добуш берди.

Резюлюцияда Франциянын президенти Эммануэл Макрон буга чейин айткан Кабулда “коопсуз зона” түзүү тууралуу эч сөз жок.

АКШнын Мамлекеттик департаменти уюштурган бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Жапониянын, Катардын тышкы иштер министрлери катышкан онлайн жыйында Ооганстандагы кырдаал боюнча кийинки кадамдар талкууланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG