Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Эгемендик: эл чыйырды өзү салды


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Азыркы муун өлкөбүздүн 30 жылдык эгемендик күнүн белгилөөгө татыктуубузбу же Кыргызстан өз эгемендигин кантип бекемдей алды?

Жумушчу сапарларымдын биринде жакынкы өлкөлөрдүн бирине барып, эл аралык деңгээлдеги конференцияга катыштым. Иш-чараны уюштуруп, өткөрүп жаткандарды жана борбор шаарынын, региондорунун ырааттуу өнүккөнүн көрүп оозум ачылды. Сый тамак үстүндө боордош элден келген чоң даражалуу бирөөдөн Кыргызстаныбызга салыштырып, өксүп атканымды айтып муңайсам, ал кишинин мага айткан акылы таасирдүү болду. Ал минтти:

"Кеңеш, айланаңды карап, дагы бир жолу талдап көрчү. Ушулардын баары мамлекетти мите курттай шимирип, жетекчиден сөөк күткөндөй сугалак көздөрү менен тилемчилик жышаанын кылып тургандар. Алар өз алдынча бир идеяны ишке ашырмак турсун, аны ойлогонго чамалары жок. Эртең бул мамлекеттин башына оорчулук күн түшкөндө өлкөсүнүн кызыкчылыгын “пулдап” жиберип, чыйт түкүрүп басып кетишет. Мен кечээ эле силердин мамлекетте уюштурулган эл аралык иш-чарага катышып келдим. Бардык иштер ачык-айкын, ашыкча шаан-шөкөтү жок, кыска-нуска, ал жерде кызмат кылып чуркап жүргөндөр жан дили менен ошол иштин өтөөсүнө чыгып атканы сезилип турду. Ал гана эмес, колунда бар кээ бир эр-азаматтар ал иш-чарага өнөктөш болуп, жардам бергенин улам-улам баса белгилеп жаткан мамлекеттик чиновниктин быдыраган сөздөрү жаңырып турду. Бул жагынан караганда силердин мамлекет алда канча бутуна турган, белсемдүү өлкө".

Быйыл биздин эле эмес, Советтер Союзунун курамында жашаган жалпы элдер үчүн өзгөчө жыл. Дээрлик 70 жыл тоталитардык режимде күн өткөргөн элдер өз тагдырларын өздөрү чечип, өз алдынча түтүн булата баштаганына 30 жыл болгонуна жетине албай сүйүнүп турган чактары. Сиз окуп жаткан талдоомдо Кыргызстаныбыз эгемен өлкө аталган күндөн тартып баштан өткөргөн оош-кыйыштар менен жетишкендиктерге саресеп салып, сиз менен ой-толгоом менен бөлүшөм.

Бул маанилүү датаны утурлай өлкөнүн тарыхы менен келечегине кайдыгер карабаган ар бир адам өз оюн ортого салып, көз караштарын таразалап жаткан учур. Алардын арасында мен дагы беш-алты талкуу, маектерге катышып, үй-бүлө багытында билгендерим менен бөлүштүм.

"Тиги мамлекет мынтип өнүгүп кетти. Биз бул жагынан мындай жетишкендикке ээ болдук, бул жагы болсо жакшы болбой калды.” Менин баамымда, талдоолордун көпчүлүгү жогорудагыдай салыштыруу иретинде болду. Бир тарабы 30 жыл аралыгында кетирилген кемчиликтерди эле кайра-кайра чукуп, “эгерде” деген кыялкеч ойлордун жетегинде калгандай. Үчүнчү жоон топ келечекке оптимисттик көз караш менен карап, өлкөбүздөгү болуп жаткан позитивдүү нерселерге басым жасагандай көрүнөт. Бирок, кандай ченемдердин (индикатор) негизинде дал ушундай сезимдер, пикирлер калыптанып жатканын тараптар ачып бере албай жаткандай.

Менин ишенимимде, өлкөнүн эгемендигинин туткасы жана бир муундан экинчи муунга көчтү улап турган жалгыз көрсөткүчү – бул эли, башкача айтканда, адам ресурстары. Аны ачык айтып жана көрсөтүп, көңүл чордонуна коюу аркылуу эгемендигибизди чыңдай алабыз деп ойлойм. Кыргызстан азаттыкка жеткенден бери так ушул адам ресурстары кантип өнүгүп, кайсы багытта алдыга озуп, кичинекей Кыргызстаныбызды дүйнө жүзүнө кандай өңүттө тааныта алганыбыз тууралуу айтып берем.

Менин муунумдагы жана бизден жогорку муун мамлекетибиздин өзүнчө республика макамына жеткен күндөрүн бир чети сыймыктануу менен, экинчи жагынан эбегейсиз оор заманды өз жон терибиз менен баштан кечиргенибизди чыйралуу менен кабыл алабыз. Мага окшоп эми эле студенттик жашоонун босогосун аттаган мадыра баштар эгемендиктин “Э”син билбей дендароо болуп, кийин анча-мынча адам чыдагыс таңкыстыктын запкысын чегип жүрүп, бирок, өз турмушубузду чыдамкайлык менен кылдыратып атып бутка турдук. Ошол эле мезгилде, союздун жыргалчылыгын көргөн, чоң мамлекет бүлүнгөн соң да тез эле пайда таап, өз напсисин алдыга жорголоткон эпчилдер өз көмөчүнө күл тартып, биринчи миллиондорун ошол оош-кыйыш замандан табышты. Көп жылдар өткөнүнө карабай, дагы бир муун болсо социологдор айткандай “жоголгон муунга” айланып, күнү бүгүнгө чейин дендароолуктан арыла албай жүрүшөт.

Бир ууч эпчилдер эпчилдигин кылып, майлуу-сүттүү жерлерге барып, XXI кылымдын бай-манаптарына айланышты. Мамлекеттин таянычы болгон саясий архитектураны өз пайдаларына ылайыктап куруп, келечекти калчап турушкандай. Бул тенденция дагы деле өзүнүн айлампасынан чыга албай, өлкөдөгү саясий палитра дубалдагы сааттын “маятнигиндей” ар кайсы экстремалдык шарттарга кептелип эле келе жаткандай.

Кантсе да, жаман айтпай жакшы жок дегендей, ушундай катаал шарт Кыргызстаныбызды уникалдуу абалга коюп, башкаларга окшобой өз жолунда анык эгемендүүлүктүн пайдубалын бекем кура турган багытты түптөп алды деген пикирдемин. Ал багыттар кайсылар?

Өз алдынчалуулук

Башка өлкөлөрдө катаал шарттарда адатта мамлеккеттик аппарат жол көрсөтүп турса, Кыргызстаныбыздагы урунттуу учурларда анын эли демилгени өз колуна алып, чыйырды эл өзүнө өзү салгандай көрүнөт. Эске салалычы, өлкө болуп көрбөгөндөй экономикалык оор кырдаалга кептелгенде биринчилерден болуп апаларыбыз, эже-карындаштарыбыз жондоруна ала капты асынып алып, тарыхта чоң бурулуш жасап, биринчи инвестицияны маңдай терлери менен алып келип, экономиканын кан-тамыры болуп бере алышты.

Мындай сыноодо биздин эл сынып калган жок. Тескерисинче, өз алдынча экономиканын теориясын практика менен бекемдеп, экономика тармагындагы окумуштууларга укмуш “кэйс” жаратышты. Мунун артында, чечимдерди кабыл алууда дыкат анализ, тобокелчиликтерди таразалоо, жаңы идеяларды коркпостон ишке ашыра алуучу сапаттарга ээ болдук. Бүгүн Кыргызстаныбызда жашап жаткан ар бир адам эч тайманбай демилге көтөрүп, өтөөсүнө чыгып, анын артында пайда дагы таап, кийинки тепкичке уламдан-улам көтөрүлүп жатат.

Өз оокатына тың болуу

Отуз жылга созулган бул аралык элибизди өзүнөн башка эч кимге ишенбей турган, өзүнүн жыргалчылыгын, жаркын жашоосун гана көздөгөн (жакшы мааниде) сапатка түрткөндөй таасир берет. Мисалы, Кыргызстандын кайсы бурчуна барсаңыз да өз оокатын тыңдап алган, анча-мынча социалдык жана саясий-экономикалык өйдө-төмөн учурларга кебелбеген, күчтүү коомдун кичинекей бөлүкчөлөрүн (ячейкаларын) түзгөн адамдарды кезиктиресиз.

Натыйжада, бул бөлүкчөлөр боз үйдүн ууктарындай дээрлик бир чоң конструкт – мамлекетке бекем түркүк болуп бере тургандай күчтү пайда кылды деп эсептейм. Эл башында тургандар сөз болуп жаткан майда бөлүкчөлөргө көз каранды экенин терең аңдап-билип, аны менен эсептешип иш кылган жагдайда тургандай сезилет.

“Вопреки” феномени

Мен өз жумушум аркылуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө барам. Убакыт боло калса эле ал жакта жашап калган кыргызстандыктар менен жолугушуп, жаңы нерселерди үйрөнүп, өз көргөндөрүм менен бөлүшкөнгө аракет кылам. Кайсы жерде, кандай жагдайда жолукпайын, кезиккен ар бир мекендешимден зор таасир алып, жетишкендиктерине суктанам, сыймыктанам. Айтайын дегеним, алардын баары оор шартка көз карандысыз, таштын арасынан жиреп өсүп чыккан гүлдөй өзүн-өзү жасаган азаматтар.

Башка мамлекеттердегидей шыктандыруучу программалар бизде жокко эсе же алар тандалма эпчилдерге гана ачык. Ушул өңдүү факторлорго карабай, ар бир жигердүү кыргыз жоктон бар жаратып, бөтөн жерде жөн эле жашап тим болбостон, өлкөсүнүн атын чыгарып, тар чөйрөдө өзүн менмин дегендердин катарына кошуп, аттарын алтын тамгалар менен жазган деңгээлге жетишип жатышат. Андай уникумдар өлкө сыртында эле эмес, Кыргызстандын ичинде да аз эмес. Алар мамлекеттен бир тыйын сурабай, тескерисинче, өлкөбүзгө өнөктөш болуу үчүн өз идеясын алып чыгып, атайын программа түзгөнгө далалаттанышат.

Биримдик жана ыктыярдуулук

Эгемендүүлүк жылдарында эле эмес, илгертен берки улуу сапаттарыбыздын бири – биримдүүлүк. Кыргызстандын географиялык абалы элин шамдагай жана чапчаң кылып койгондой. Мурда кошуна калктар ачарчылык, зулумдук, каатчылыкка туш келгенде кыргыздар жардам колун сунуп, биримдиги аркылуу абалды турукташтырууга салымын кошуп келгени белгилүү. Эгемендикке ээ болгондон кийин деле, мурда болуп келген жек-жааттык, сөөм-сөөм, карыш-карыш деген түшүнүктөн жогору болуп, эгерде демилге көтөрүлсө аны колдоого алып, чын ниетинен жардам берүүгө ашыгып турган сапатты биздин эл өзүнө сиңирип алган десек болот.

Эң башкысы, аны кайра эсесине эч нерсе күтпөгөндөй - ыктыярдуу түрдө жасашат. Ага даана мисал катары былтыркы пандемия шартындагы элдин биримдиги менен ыктыярчылыгын баса белгилесек болот. Калың эл материалдык жана моралдык, психологиялык жактан кыйналып, айрым замандаштарыбыз өлүм менен күрөшүп төшөктө жатканда мамлекетти сындап отуруп албастан, демилгелүү ар бир адам жапа тырмак көтөрүлүп, бири-бирине жардам берип, апааттан суурулуп чыгып кеттик. Мындай жаратмандык бир да мамлекетте ушундай массалык деңгээлде колго алынбады. Бул биздин жетишкендигибиз. Бул биздин дөөлөт. Бул биздин эгемендүүлүбүздү бекемдеген артыкчылык!

Социалдык ажырымга тыгын болуп берүү

Кайсы гана мамлекетте болбосун коомдогу социалдык ажырымдар адатта төңкөрүштүн өзөктүк себептеринин бири болуп келет. Кыргызстаным деле өзүнүн отуз жылдык тарыхында бир нече оош-кыйыш учурларды башынан кечирди. Улам-улам бийлик алмашкан сайын элдин бийлиги жана бийликтегилерге үстөмдүгү күчөдү деп ойлойм. Адилетсиз чечимдер менен мыйзамдар кабыл алынып калганда кандай гана өзүнө ишенген башчы турбасын Кыргызстандын эли тайманбаган азаматтары аркылуу нараазычылыгын ачык жеткирип, маңдайына карап тике айта алат.

Бийлик менен элдин ортосундагы мындай ачык-айкын жана тең мамиле саналуу гана мамлекеттерде орун алган. Мунун натыйжасында, бийликтеги төбөлдөр ар бир чечимин жалпы журттун пикирин жана кызыкчылыгын эске алып кабыл алат. Же нааразычылыктарды эске алуу менен чечимдерди өзгөртүүгө мажбур болот. Ушундай өнөктөштүк аркылуу Кыргызстандын эли өз коомундагы адилетсиз абсолюттук ажырымга жол бербеген тыгын (пробка) болуп бере алды.

Социалдык ажырым маселесине байланыштуу дагы бир маанилүү учурду баса белгилеп кетпесем болбойт. Кой аксагы менен жүз дегендей, ар бир өлкө колунда чама-чаркы жоктор, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана эбегейсиз байып кеткендер менен толукталып турат. Кыргызстаныбыз - колунда барлар бийлик менен байлыгына маашырланбастан, айланасындагы чабалдарга көз кырын сала жүргөн коому бар өлкө. А эгерде андай болбой калса, эл арасынан суурулуп чыккан азаматтар байлыгына чиренген айрымдарга жол көрсөтүп, чакырык таштай алышат. Бул деген социалисттик мамлекеттердегидей баарына бирдей байлык таратылсын деген түшүнүк эмес.

Сөзүмдүн акырында, мен тизмектеп өткөн касиеттер ушул аз, бирок саз отуз жылдыкта ыйык табылгабыз - Кыргызстаныбыздын эгемендигин бекемдей алды деп эсептейм. Мындай дөөлөткө жетүүгө Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адам тикелей же кыйыр түрдө өз салымын кошо алды десем жаңылышпайм.

31-август эгемендүүлүк күнүң менен, Кыргызстаным! Мен сени жанымдай сүйөм!

Кеңешбек Сайназаров

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG