Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Статком: тикелей чет өлкөлүк инвестиция эки эсеге көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын алгачкы жети айында (январь-июнь) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестиция эки эсеге көбөйүп 321 миллион долларды түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк түз инвестициянын 97% ашыгы геологиялык чалгындоо ишканаларына, кен казуу, өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага туура келет.

Кыргызстанга каражат салган өлкөлөрдүн сап башында Кытай турат - 31,8%. Андан кийин Түркия 19,35%, Нидерланд 11,4% жана Улуу Британия 10,1%.

Тике чет өлкөлүк инвестициялар көбүнчө Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарына жана Бишкек шаарына келди.

Ушул жылдын январь-июнь айларында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 9,2% кыскарып 548,2 миллион доллар болду.

Ошол эле кезде инвестициянын чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 227 миллион долларга ашты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG