Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди

Венгриянын борбору - Будапешт.
Венгриянын борбору - Будапешт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Элчиликти Будапешт шаарында жайгаштыруу менен кыргыз-венгер саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарын өнүктүрүү боюнча токтом чыгарылды.

Министрлер кабинетине Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык маселелерди чечүү тапшырмасы берилди.

Тараптардын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. 2018-жылы венгер өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.

Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG