Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

БШК Ош шаардык шайлоо комиссиясын таратты


Ош шаары.
Ош шаары.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын толук курамы менен таратты.

Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар иштер укук коргоо органдарына жөнөтүлмөй болду.

Буга чейин БШК эки партиядан түшкөн арыздын негизинде Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканын териштирген. Боршайком мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаровдун билдиришинче, аялдарга басым болгон фактылар аныкталган.

"Ош аймактык шайлоо комиссиясында өз укуктарын мыйзам чегинде аткара албай тургандай абал түзүлүп калды", - деди Шайназаров.

Боршайкомдун маалыматына караганда, "Биздин Кыргызстан" партиясы 38 аял талапкерин, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 39 талапкерин чыгарган, алардын 31и аял. Мындан тышкары аталган эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен. Териштирүүдө аялдар арызды өздөрү жазбаганын, басым болгонун белгилешкен.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG