Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

БШК үгүт иштери боюнча ЖМК жана талапкерлерге кайрылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлерге, партияларга жана аны чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузбоого чакырды.

Боршайком үгүт өнөктөгү баштала электе эле ЖМКлар, сайттар, социалдык тармактар аркылуу жазуу, аудио жана башка материалдарды таркатпоо керектигин эскертти.

Шайлоо мыйзамы боюнча тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөө, айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү, талапкерди шайлоо же шайлабай коюунун кесепеттерин жазуу үгүт деп саналат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул жолу 90 депутат партиялык ачык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Шайлоо алдындагы үгүт 29-октябрда башталып, 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG