Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Таласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Кара-Буура районунда 9-сентябрга караган түнү Audi-100 машинесинин айдоочусу рулду башкара албай жол жээгинде токтоп турган оор жук ташуучу автоунааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир адам ошол эле жерде мүрт кетип, дагы бир киши ооруканага жетпей каза болгон.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери (сегиз айдын ичинде) 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жаракат алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG