Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Түндүк Македония: убактылуу бейтапканадагы өрт он кишинин өмүрүн алды


Тетево шаарындагы убактылуу бейтапканада чыккан өрт, 8-сентябрь 2021-жыл.
Тетево шаарындагы убактылуу бейтапканада чыккан өрт, 8-сентябрь 2021-жыл.

Түндүк Македониянын түндүк-батышындагы Тетово шаарында коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн атайын даярдалган борбордо өрт чыгып, андан кеминде 10 адам каза тапты. Өрт чакан бейтапкананын бөлмөлөрүнүн биринде 8-сентябрдын кечинде тутанып, бир нече сааттын ичинде толук өчүрүлгөн.

"Өрттөн 10 адам өлгөнү ырасталды. Алардын саны дагы өсүшү мүмкүн.
Бул өтө кайгылуу күн", - деп жазды "Твиттерге" Түндүк Македониянын саламаттыкты сактоо министри Венко Филипче.

Өрттү өчүрүү маалында COVID-19га чалдыккан бейтаптар колдонуп жаткан кычкылтек баллондору жарылганы белгилүү болду.

Былтыр салынган убактылуу жайда канча бейтап дарыланып жатканы айтыла элек. Ошондой эле тилсиз жоого эмне себеп болгону да белгисиз. Бийлик өкүлдөрү убактылуу бейтапкана негизинен желим материалдардан жасалгандыктан, жалын тездик менен жайылып кеткенин айтып жатышат.

2 миллиондой калкы бар Түндүк Македонияда август айынан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны көбөйүп жатат. Мындан улам өкмөт кафе, ресторандарга жана көп киши катышкан иш-чараларга кайрадан чектөө киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG