Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Токаев: Казакстан оогандык казактарды алып келүү маселесин караштырууда


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан шаары, 8-сентябрь, 2021-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан шаары, 8-сентябрь, 2021-жыл.

Расмий Нур-Султан Ооганстандагы этникалык казактарды Казакстанга алып келүү маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу 8-сентябрда Казакстанга жаңы дайындалган чет өлкөлүк элчилердин ишеним грамотасын тапшыруу иш-чарасында президент Касым-Жомарт Токаев билдирди. Ал Ооганстандагы татаал маселелерди жөнгө салуу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен бирге иш алып барып жатканын айтты.

"Эң алды менен биз ошол жердеги жарандарыбызды эвакуацияладык. Азыр биз Ооганстандагы казак диаспорасынын мүчөлөрүнүн, башкача айканда кандаштарыбызды алып келүү маселесин караштырып жатабыз. Гуманитардык түшүнүктөргө ылайык, ооганстандык 57 студенттин билим берүү визаларын узарттык", - деди Токаев.

Ал расмий Нур-Султан Ооганстандан чыккан учактардын Казакстан аркылуу каттамына уруксат бергенин, Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча агенттиктеринин кызматкерлери да убактылуу Алматыга жайгаштырылганын кошумчалады.

"Талибан" Ооганстанда бийликти колго алгандан кийин этникалык казак экенин айтып, Казакстандын өкмөтүнөн жардам сураган адамдар көбөйдү. Ушул аптанын башында өздөрүн "оогандык казактарбыз" деп тааныштырган бир нече адам Казакстандын Кабулдагы консулдугуна кире албай жатканын билдиришкен. Өткөн аптада да Ооганстандын Саманган провинциясында жашаган бир нече үй-бүлө казак бийлигине кайрылып, аларды ооган жергесинен чыгарып кетүүнү суранган.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы казактарды кайтарууга байланыштуу иш-аракеттер башталганын, бирок ал жактагы саясий-аскердик кырдаалдан улам аларды алып келүүнүн так мөөнөтү белгисиз экенин билдирген.

"Талибан" 15-августта Кабулду басып алгандан кийин казак бийлиги Ооганстанда 15 этникалык казак үй-бүлөсү бар экенин, жалпы саны 200гө жакын экенин маалымдаган. Бирок Ооганстандагы этникалык казактар бул сан алда канча көп экенин айтып келишет.

Июль айында Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин куралдуу кагылышууларды күчөп турган мезгилде Вахан коридорундагы 350дөй этникалык кыргыз Кыргызстанга өтүп келүү үчүн Тажикстанга кире качкан. Бир нече күндөн кийин тажик бийлиги аларды кайра артка кайтарган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG