Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Ооганстандагы элчи Мирослав Ниязов кызматтан кетти


Мирослав Ниязов.
Мирослав Ниязов.

Кыргызстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 9-сентябрда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мирослав Ниязов Ооганстанга элчи болуп 2019-жылы дайындалган. Ага чейин Тажикстанда элчи болуп иштеген.

15-августта "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган. Августтун этегинде АКШ аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын билдирген.

Ооганстандагы саясий окуялардан кийин бул өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине алып келинген. Августтун ортосунда Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG