Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирүүгө кошумча нарк салыгы алынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлер кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Пирамида" телеканалына курган маегинде билдирди. Анын белгилешинче, Орусиядан буудай сатып алууга 1,5 млрд. сом каражат бөлүндү.

"Биз 300 млн. сомдон ашуун каражат бөлүп 1 млн. литрден ашуун өсүмдүк майын, 3 миң тонна шекер запаска киргизген элек. 1,5 млрд сом кышкыга акча бөлдүк, Орусиядан 70 миң тоонадай буудай сатып алабыз. Муну 100 миң тоннага жеткиришибиз керек. Антпесе кышында дагы кандай кымбатчылык болорун Кудай билет. Бирок элибиз көп деле кооптонбосо болот. Буудай, ун ташуучулар менен меморандумга кол койдук. Ишкерлерди кошумча салыктан бир жылга бошоттук. Андан сырткары мал-жандыктарды сактоо максатында тоют алып келүүгө дагы кошумча салык алынып салынды. Бүгүнкү күндө арзаныраак болуп Өзбекстандан, Орусиядан келе баштады", - деди Марипов.

Мындан сырткары министрлер кабинети 30 миң тонна ак кант, 50 миң тонна тростник кантты үчүнчү өлкөлөрдөн кошумча нарк салыгысыз алып келүү боюнча макулдашкан.

Кыргыз өкмөтү мурдараак Кыргызстандын буудай азыктарына муктаждыгы 600-650 миң тонна деп эсептеп келчү. Айыл чарба министрлиги быйылкы керектөөнү 750 миң тонна деп баалап жатат. Өлкөдө буудай аянттарынын көбү Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет.

Ошол эле Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудай өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG