Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Ун ташып келүүчүлөр кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгы убактылуу салынбай турган болду. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 11-августта билдирди.

Мындай эреже бир жылдык мөөнөткө, 1-августтан тартып келерки жылдын 1-августуна чейин киргизилди.

Негизги максат – ундун базар баасын турукташтыруу, ички азык-түлүк рыногунда терс жагдайга жол бербөө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, товар өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп берүү экени айтылды.

Кыргызстанда буудайдын наркы бир жылда дээрлик 40% кымбаттады. Былтыр килограммы 20 сом турса, быйыл орточо 29-30 сомдон сатылып жатат. Импорттук дан азыктарына көз каранды өлкөдө бул жагдай кооптонууну жаратууда. Быйыл кыргыз фермерлеринин түшүмү кыйла кыскарарын талдоочулар айтып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG