Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Facebook Батыш вакциналары тууралуу жалган маалыматтарды өчүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соцтармактын редакциясы батышта даярдалган вакцинанын зыяны тууралуу дезинформацияга байланыштуу жүздөгөн постторду өчүргөнүн маалымдады. Маалыматта мындай өнөктүктү Британияда орусиялык жарандардын атына ачылган агенттик жүргүзүп келгени жазылган.

Жарнама Индия, Түштүк Америка өлкөлөрүнө жана АКШга багытталган. Былтыркы жылдын аягында аккаунттар британ-швед өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакцинасында шимпанзенин аденовирусу камтылганын, бул "адамдарды маймылга айландырарын" жазышкан. Ушундай эле маалыматты орусиялык мамлекеттик телеканалдар да айтып чыгышкан.

Быйыл майда бири-бирине байланышы бар орусиялык интернет колдонуучулар америкалык Pfizer вакцинасы тууралуу терс пикирлерди жазышкан. Вакцииналар тууралуу жалган маалыматтарды жарыялоону Британияда катталган Fazze агенттиги жүргүзгөн.

"Азаттыктын" орус кызматы жүргүзгөн иликтөөдө мындай каралоонун артында "Единая Россия" партиясынын мурдагы кызматкери турганы аныкталган. Ал 2019-жылы Москва шаар думасына талапкерлигин коюп, ийгиликке жетишкен эмес. Анын вакцина тууралуу терс пикирдеги постторунун айрымдарына бир дагы "жактыруу" белгиси коюлган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG