Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:42

№47 жана №21 абак жайлары Бишкектин сыртына чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаанын коопсуздугун сактоо максатында учурда шаар ичинде жайгашкан №47 жана №21 абактарды калаанын сыртына чыгаруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиев 11-августта президент Садыр Жапаров менен жолугушканда айтты.

Мындан тышкары Эгембердиев жаза аткаруу системасында жүрүп жаткан реформалар, санариптештирүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдап, пенитенциардык системаны каржылоо тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, мамлекет башчыга жабык мекемелердеги эпидемиологиялык кырдаал, коронавируска каршы күрөшүү чаралары жөнүндө маалымдады.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Аскат Эгембердиев түзөтүү мекемелеринин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы эскиргенин да кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ЖАМК абактарда укуктук тартип менен мыйзамдуулукту камсыз кылуу милдетин татыктуу аткарып келе жатканын белгиледи. Кызматкерлер ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып иштеп жаткандыгына ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда системада жылдар бою чечилбеген көйгөйлөр бар экенине токтолду.

Мамлекет башчы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына карабай, Чүй жана Жалал-Абад облустарында эки түзөтүү мекемесин куруу үчүн 51 млн. сом бөлүнгөнүн маалымдады. Мындан тышкары президент Садыр Жапаров төрагага мекеменин ичинде кызматтык тартипти чыңдоону, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууну, ошондой эле, коррупциялык көрүнүштөр менен кызмат абалынан кыянатчылык кылып колдонуу фактыларын жоюуну тапшырды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG