Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

“Талибан” жоочулары Кундуз аэропортун басып алды


Ооганстан. Кундуз шаарындагы аэропорттун терминалы.
Ооганстан. Кундуз шаарындагы аэропорттун терминалы.

Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Кундуз шаарындагы стратегиялык маанидеги аэропорт бир нече күндөн берки айыгышкан салгылаштардан кийин талибдердин колуна өттү.

Ошол эле кезде провинциясынын борбору Кундуз шаары 11-августта алынып, толугу менен “Талибанга” карап калганы кабарланууда. Талибдер менен кармаштардан жеңилип, шаарды бошотуп берген өкмөттүк күчтөр ушул эле провинциядагы Алиабад аймагына чегинген.

“Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид "Твиттерге" жоочулар тобу аэропортту толук ээлегенин жазып, ооган армиясынын айрым бөлүктөрү багынып бергенин белгиледи. Ошондой эле, “аскерлер жоочуларга кошулуп жатат” деген видео тасманы жарыялады.

Кундуздагы жергиликтүү кеңештин депутаты Амруддин Вали бул маалыматты ырастап, шаардын бир топ бөлүгү ээленип, аэропорттогу салгылаштан чегинген ооган аскерлери курал-жарагы менен жоочуларга кошулуп кеткенин айтты.

Талибдер 11-августка караган түнү Ооганстандын түндүгүндөгү Файзабад менен Пули-Хумри шаарларын басып алганы кабарланган. Ошону менен “Талибан” өлкөнүн 34 аймактык борборунун тогузуна көзөмөл орнотту.

Жоочулар тездик менен чабуул коюп, 6-августтан бери Кундуз, Сар-э Поль, Талокан, Заранж жана Шеберган шаарларын ээлегени маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG