Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Орусия: Навальный шылтоо болгон нааразылык


Москва. Алексей Навальный, Любовь Соболь жана Иван Жданов орусиялык оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнүн беш жылдыгына карата каршылык көрсөтүү акциясында.
Москва. Алексей Навальный, Любовь Соболь жана Иван Жданов орусиялык оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнүн беш жылдыгына карата каршылык көрсөтүү акциясында.

Орусияда шайлоо алдында абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабдары жабылып, ага тиешелүү мекемелердин иши бөгөттөлдү.

Көпчүлүгүн жаштар түзгөн көчө акцияларынын ураанына айланган Навальный каршылык маанайдын шылтоосу гана болуп, ал эми нааразылыктын түпкү себептери тереңде экени белгиленди.

Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Орусиянын коомундагы бийликтен жадаган нааразылыктын чеги каршылык акцияларына келип кошулууга себеп болгон.

"Протесттин өзөгү - жаңы муун"

Орусиянын эл чарба академиясынын окмуштуулары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон көчө жүрүштөрүнүн мүнөзүн, аларга кимдер жана эмнеге катышканын үч ири шаарда изилдеген. Москвада, Питерде жана Казандагы социологиялык сурамжылоодо көчө акцияларына эң көбү 40 миңге чукул киши катышып, алардын өзөгүн 25 жаштан 39 жашка чейинки жаштар түзгөнү иликтенген.

Социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча быйыл 23-31-январда, 14-февралда жана 21-апрелде Орусиянын жогорудагы үч ири шаарында болгон каршылык акцияларына мына ошо курактагылар 42-47% тегерегинде катышса, 18-24 жаштагылардын катышы 34% чейин болгон. Орто жаштан жогоркулар 18-24% ашкан эмес. Катышкандардын арасынан 47% каршылык акциясына биринчи жолу чыкканын айтса, анын 71% жогорку билимдүүлөр түзгөн.

"Навальный каршылык көрсөтүүнүн жүзү"

Бирок бул изилдөө көчө акцияларына чыккандардын Алексей Навальныйга ишеними 34% ашпаганын көрсөткөн. Плакаттардын 10% гана анын боштондугун талап кылган менен көпчүлүгү Орусиядагы теңсиздикке, жакырчылыкка, өзгөрүүгө жана коррупцияга байланыштуу болгон.

Орусиядагы адам укугу боюнча кеңештин мүчөсү Николай Сванидзе Навальный каршылык маанайдын жүзү гана экенин айтып, ал эми нааразылыктын тамыры тереңде дейт.

Орусия. Николай Сванидзе. Тарыхчы, журналист.
Орусия. Николай Сванидзе. Тарыхчы, журналист.

“Албетте, көпчүлүк адамдар Навальный үчүн көчөгө чыгып жаткан жок. Навальный бириктирүүчү эмес, каршылык маанайдын жүзү. Ал Орусиянын оппозициясынын ичинен эң көп адам топтой алган протесттик фигура. Ал ырааттуу жана эр жүрөк. Бирок мен анын башкалардан айырмаланган программасын көрө элекмин. Ал протесттин кишиси. Ал эми бизде нааразы адамдар аябай көп. Алар канткен менен Навальныйдын артынан ээрчишет. Анткени ээрчий турган башка эч ким жок. Себеби саясий талаа “тазаланып” бүткөн. Башка бир жаркын саясатчы бар эле Борис Немцов. Аны өлтүрүп кетишкен”, – деди Сванидзе.

Орусиядагы көчө жүрүштөрү кууп таркатылып, Навальныйдын айрым тарапташтары соттолуп, бир топ активисттер айыпка жыгылган. Бирок алар жөнүндө изилдөөдө маалыматтар жок. Көчө жүрүшүнүн башында тургандарга санитардык эрежени бузуу, макулдашылбаган акцияларды өткөрүү сыяктуу айыптар коюлган. Алардын соңкусу ФБКнын юристи Любовь Соболь 1,5 жылга эркиндиги чектелген сот өкүмүнөн кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Навальныйдын бир катар тарапташтары акчалай айыпка жыгылса, көпчүлүгү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.

Орус бийлигинин башкы сынчысы болгон Алексей Навальный быйыл жыл башында Германиядан дарылануудан келгенде аэропорттон кармалган. Ал учурда Владимир облусундагы түрмөдө жазасын өтөп жатат.

Мындан соң орус бийлиги Навальный түптөгөн фонд, штабдарды "экстремисттик" деп таап, ишмердик жүргүзүүгө тыюу салган. Оппозициячыл саясатчынын бир катар үзөңгүлөштөрүнө кылмыш иши козголуп, айрымдар Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, митингдер мыйзамдуу өтүшү керек.

Вячеслав Володин. Орусиянын Мамдумасынын төрагасы.
Вячеслав Володин. Орусиянын Мамдумасынын төрагасы.

“Мен жарандардан бир нерсени гана суранам. Бардыгы мыйзамга жана дагы мыйзамга гана негизделиши керек. Бизде митингдерге уруксат берилген. Бирок анын бардыгы мыйзам чегинде болушу абзел”.

Ал эми бийлик өзүнө каршы саясий акцияларга мыйзам чегинде уруксат бериши мүмкүнбү деген суроо жоопсуз калган.

Президент Владимир Путин баш болгон Орусиянын үлкөн саясатчыларынын ишин иликтеген чуулгандуу иликтөөлөр менен таанымал Навальный негиздеген ФБК сыяктуу уюмдар экстремисттик деп таанылып, алар “иноагент” деп айыпталган.

Көчөгө чыгарган саясат

Навальныйдын штабынын экс-координатору Полина Костылева өзгөрүүнү каалаган миңдеген орусиялыктар жөнү жок эле көчөгө чыкпай турганын айтты.

“Көчө акциялары эмнеге өтүп жатат? Анткени иш жүзүндө кимдер шайлоолорго катышкысы келсе же аларды колдогон элге эркин тандоо мүмкүнчүлүгү берилбегенден улам. Керек болсо, шайлоолордон утуп келүүгө эле эмес, талапкерликке катталууга жол берилбейт. Бул чоң көйгөй. Ошондуктан көчө акциялары чыгууда. Эгерде шайлоолордо бурмалоолор азайып, Мамлекеттик Думада, жергиликтүү кеңештерге карапайым элдин таламын талаша турган адамдар келсе, анда баары башкача болмок. Ошондуктан мындан ары деле митингдер токтобойт”.

Анткен менен Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский жарандардын тынч чогулуу укугун жактайт. Бирок ал жыйындар көчөлөрдө эмес, имараттардын ичинде болсун деген пикирде.

Орусия. Владимир Жириновский.
Орусия. Владимир Жириновский.

“Алар чогулуп, сүйлөй беришсин. Аларга керек болсо колонналуу залды же манежди бергиле. Сөзсүз түрдө. Бирок көчөдө болбойт. Көчөдө суук анан транспорт жүрөт. Бул коркунучтуу. Канча кааласа, ошончо сүйлөп алышсын. Бирок уруксатсыз көчөгө чыгышса, сөзсүз кармап, алардын коомдук тартипти бузуу аракетинин мизин кайтаруу керек”, – деди Жириновский.

Өңү тааныш, бирок өзгөрбөгөн элита

Ал эми көз карандысыз саясат талдоочулар өткөн 10 жылда Орусиядагы саясий талаа президент Владимир Путиндин көз карашынан айырмаланган саясатчылардан дээрлик “тазаланганын” белгилешет.

Бул жагдай саясий бир түрдүүлүккө жана сенектикке алып келбейби деген суроого бийликчи саясий технолог Константин Костин минтип жооп берди:

“Мен муну сенектик катары карабайм. Анткени каршылык акциялары саясатчыларды чыгарбайт. Лидер адамдар шайлоого катышып, ишенимге ээ болуп, утуп келип, анан алардан саясатчы чыгат. Бизде өткөн он жылда бир топ кызыктуу саясатчылар пайда болду. Айтсак, Москвадагы муниципалдык шайлоодон кийин бир топ жаш саясатчылар келди. Ал эми көчө акцияларынан эч нерсе чечилбейт”.

Бирок Орусияда мамлекеттик башкаруунун жогорку эшелону кимдерден турары жана алардын орду көп жылдан бери алмашкыс болуп келе жатканы сынга алынып жүрөт. Бул жолку парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Орусиянын саясий истеблишментинде кантип кан алмашуу жүрөрү жана анда оппозициялык күчтөрдүн катышы кандай болору азырынча белгисиз.

Орус элин ойготкон Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG