Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:31

Орусия: мажбур дарылоо, активисттер көргөн азап-тозок


Михаил Косенко «Болотное иши» боюнча сотто баш коргоо чарасын кароо учурунда. 2013-жылдын майы. Кийин Михаил психиатриялык мажбур дарылоого жөнөтүлгөн. Сүрөт: Reuters.

«Сегиз айдан кийин өзүмө келдим». Орусияда мажбур дарылоого жөнөтүлгөн активисттер, ал жерде көргөн азап-тозок тууралуу "Настоящее время" каналынын кабарчысы Ольга Бешлейге айтып беришти.

Бул аптада Орусияда адамдарды мажбурлап дарылоого жөнөтүү боюнча бир нече иштер ачыкка чыкты, мажбур дарыланчулар - активисттер же саясатчылар. Алексей Навальныйдын тарапташы Виолетта Грудина Мурманск шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюуга даярданып жатканда бейтапканага мажбур жаткырылды, сотто дарыгер анын стационардык дарылоого муктаж эмес экенин билдирди.

Грудина саясий ачкачылык жарыялады. Башка учурлар психиатриялык мажбурлап дарылоого байланыштуу иркуттук активист Дмитрий Надеин террорчулукту актаган деген айып менен психиатриялык стационарга жаткырылды. Ошондой эле жаза полицияга зомбулук кылган жана экстремизм боюнча айыпталган якутиялык Александр Габышевге колдонулду, өзүн шаман деп жарыя кылган Габышев Владимир Путинди “аластап коюш үчүн” Москвага жөө чыккан.

Орусияда жазалоочу медицина тажрыйбасын жандантып, активисттерди психиатриялык клиникаларга мажбур дарылоого жөнөтүп жатышканын, андай жайлар кандай экендиги тууралуу айтып беребиз.

Орусияда мажбур дарылоо оор кылмыш жасагандарга колдонулат. “Психиатриялык жардам жөнүндө” деген федералдык мыйзам бар, анда минтип жазылган: “Медициналык мүнөздөгү мажбур иш-чаралар соттун чечими менен психикасы жабыркап, коомдук коркунучтуу кылмыш жасагандарга карата жасалат”.

Мажбур дарылоо негизги же кошумча жаза болушу мүмкүн. Кылмышкердин өзүнө жооп бере албастыгы тууралуу чечимди сот кабыл алат. Сот психиатриялык экспертизага таянат. Ошондуктан айыпталынып жаткан адам сот чечими чыга электе психиатриялык ооруканага жаткырылышы мүмкүн.

"Психиатрия мыйзамы боюнча соттун чечими чыгып, сизди стационарга жаткырышса, мындайда дарылоо 30 күнгө созулат. Бул убакыттын ичинде дарыгерлер кандайдыр бир чечимге келе алышпаса алар [убактысын дагы көбөйтүш үчүн] дагы 30 күнгө узартып коюуну сурап кайрылышы мүмкүн. Андан соң дагы 30 күнгө", – деди Петр Трофимов.

Мурдагы почтачы, оппозициячы, каршылык акцияларынын катышуучусу Трофимов 2018-жылы соттолгон. Тергөөчүлөр ага мурдагы иштеген жеринде өзүм билемдик кылып, ширетүүчү кезиндеги жабдуусун иш берүүчүгө таштабай баса берген деп айып тагышкан. Трофимовду психиатриялык экспертизага үйүнөн алып кетишкен. Ооруканада ал бир ай жаткан.

“Мен жаткан палата эки адамдык экен. Кечинде тынч убакыт деп эшик кулпуланат. Санузели бар болчу, ансыз кыйын, баарына керек нерсе, кол жууй турган жер, жуунуп алар суусу турчу. Бирок аны күндө колдоно албайсың, жуунуп алмайга жумасына бир гана ирет уруксат беришчү”, – деди Трофимов стационардагы шартын эскерип олтуруп.

Петр ушу тапта Финляндияда жашайт, ал жерден саясий башпаанек алган.
«Агора» укук коргоо тобу 2016-жылы Орусия жазалоо психиатриясын кайтарып алганы тууралуу баяндамасын чыгарды. Укук коргоочулар психиатриялык экспертизага саясий иштер боюнча айыпталгандарды көбүрөөк тарта баштагандыгына көңүл бурушкан.

Андай экспертизага Иса коргоочу сыйынуу жайындагы акцияга катышкан Pussy Riot тобунун мүчөлөрү да тартылган. Эксперттер Надежда Толоконникова менен Екатерина Самуцевичке инсандык жабыркоого кабылган деп бүтүм чыгарышкан. Мындай жабыркоо “турмуштук активдүү позициясы, өзүн-өзү көрсөтүү аракетинин”, “өз пикирин чогоолдук менен коргоп калуунун, көктүктүн” натыйжасы дешкен.

“Тергөөнүн чечими менен түрмөдө жасалган психологиялык-психиатриялык экспертиза менин инсандык негизги өзгөчөлүгүмдү - боорукердик, эркиндикке, акыйкаттыкка умтулуумду ырастады”, – деп айтты Толоконникова соттогу соңку сөзүндө.

Динчилердин ишенимин шылдыңдаганы үчүн кылмыш жообуна тартылган блоггер Виктор Краснов бир айын психиатриялык стационарда өткөрдү.

“ВКонтакте” социалдык тармагында ал "Кудай жок, Библия еврейлердин жомокторунун жыйнагы” деп жазган. Эки динчил аны сотко берген.
Лубянкадагы ФСБнын эшиктерин өрттөгөн сүрөтчү Петр Павленский да психиатриялык экспертизадан өткөн. Психиатрлар айтылуу активист Сергей Мохнаткинди текшерүүгө алышкан.

Саясий айыптуулардын арасынан соттон кийин мажбур дарылоого жөнөтүлгөндөр бар, мисалы, “Болотное иши” боюнча айыпталган Михаил Косенко. Ал аскерде жүргөндө контузия алып, милдетин өтөп келгенден кийин психоневрологиялык диспансердин эсебинде турган. Косенкону 2012-жылдын 6-майындагы Болотная аянтындагы каршылык кыймылына катышып, полиция кызматкерине зомбулук көрсөттү деп айыпташкан. Психиатриялык экспертизадан кийин ага “ашынган шизофрения” деген диагноз коюшкан. Сот Косенкону өзүнө жооп бере албайт деп тапты. Косенко ооруканада бир жарым жыл дарыланып, андан соң амбулатордук дарылоого чыгарылган.

"Эгер сен мажбур дарылоодо болсоң, толугу менен ошол режимди сактайсың, ал жердеги эреже-тартипти орноткондорду угушуң зарыл. Каалаганда туруп алып басып кете албайсың, өз эркиңче тамак да иче албайсың, сыртка чыга албайсың, каалаган кийимиңди кие албайсың, барам деген жагыңа бара албайсың. Сен мажбур болгон жердесиң”, – сот чечими менен мажбур дарылоого жаткырылгандардын абалын дефектолог Анна Битова ушундайча мүнөздөдү.

“Ооруканадан чыккандан кийин ушу сегиз айдай убакыттан кийин ал өзүнө келди окшойт”, – деди Михаил Косенконун эжеси Ксения.

Кийин мажбур дарылоого “Болотное ишинин” дагы бир катышуучусу Максим Панфиловду жөнөтүштү. Соттук өкүмдө ал ОМОНдун шлемин башынан сыйрып алып, полиция кызматкеринин “денесин катуу ооруткан” деп жазылган. Панфилов психиатриялык ооруканада толук бир жыл жатты. Кийин аны амбулатордук дарылоого которушту.

Дарылоону токтотууну узартууну же өзгөртүүнү сот гана чечет. Мажбур дарылоого түшкөн адам ооруканада узак убакыт, болбоду дегенде жарым жыл болушу мүмкүн.

"Саат да, күзгү да жок болчу"

Sota долбоорунун журналисти Анастасия Кашкина психиатриялык ооруканага 2020-жылы түшкөн, алгач өз каалоосу менен, кийин болсо сот чечиминин негизинде аны стационарда мажбур калтырышты. Анастасия алгач психиатрга кайрылган, анда туруп-туруп эле жинденүү, өз жанын кыйып салуу ойлору пайда боло баштаган, анысын уккан дарыгер ооруканага жатууну сунуштаган. Анастасия макул болуп алгач Москвадагы № 4 психиатриялык ооруканага түшкөн. Кийин Москвадагы Алексеев атындагы психиатриялык оорукананын коронавирус бөлүмүнө которулган.

Кантип дарыланганы, кийин мажбур дарыланып калышынын жөн-жайын Анастасия "Настоящее Времяга" айтып берди.

"Мени алгач тажаалдардын палатасына жаткырып коюшту. № 1-палата, бул жерде текшерүү күчтүү, эч жакка чыга албайсың, кадимки камера. Дааратканага барсаң, жаныңда санитар. Ал жерде абалы аябай оорлошуп кеткендер жатат: мээси айныган, түшүндө көрүнгөн кишини өлтүргөн күйөөлөрүн көргөн кемпир, күчүн кайда чыгарышын билбеген аялдар, матрацтар менен бирин-бири уруп, “мунсуз өлүп калабыз” дегендер, уктап атып басып кетчү кыз. Ансыз да өлүп каламбы деп коркуп жүргөн мен деле ойго келбеген жалаңкыч жайга туш келдим.
Мени ошол палатага киргизип коюшту да ал күнү бир таблетка беришти. Анысы эмне деген таблетка экенин билбейм, аны сөзсүз ичиш керек, ичип алып оозуңду ачып дарыгерге көрсөтүшүң керек ичтим деп. Таблеткасы деле жардам бербеди, эч уктай албай койдум, кыязы, өтө чоң коркунучтуу жерге туш келип, бул жерден аман чыгамбы же чыкпаймбы деп сарсанаага түшүп калдым окшойт. Дааратканага да колуман кармап жетелеп барышчу, ишим бүткүчө жанымда карап турушчу. Кыскасы, биринчи көргөнүм оюна эмне келсе ошону жасаган коркунучтуу фильмдей эле болду. Жанымда болгондордун баарын алып коюшту, нымдуу кагаздар менен кичине китепти калтырышып, үстүмө кемпирдин эски көйнөгүн анан сасыган халатты кийгизип коюшту. Эки трусы беришти, аларды маал-маалы менен эски раковинага салып жуучумун.

Мага кандайдыр бир дарыларды беришчү, алары ушу азырга чейин эсимден кетпейт, көзүмдү жума албайм, каректерим алайып кетет, колум шалдырап, уйкум эле келет. Ал жерде сүйлөй албай калдым, ошентип жүрүп кантип бир жолу дарыгерге үнүмдүн жетишинче бакырганыма азырга чейин таңмын. Мындай кыйноо болжол менен бир жумага созулду окшойт, баягы желмогуз дарыны бербей калышкандан кийин көздөрүм күлүңдөп калбадыбы. Мен эми ооруканадан чыгам дегенде алар: “Мына сен кол койгонсуң, эч нерсе билбейбиз, ден соолугуң калыбына келгиче эч жакка чыкпайсың”, - дешти.

(Антип эле тим болбой медициналык мекеме сотко кайрылып, Анастасияны сот чечими менен мажбур дарылоого жөнөтүшкөн. Ал жерде Анастасияга вирус жугуп ооруп калган – "НВ").

"Сизге түшүнүктүү болсун үчүн айтып берейин, бизден күнүгө үч адам ковидарийге кетишчү. Санитарлардан самынды колубузга такай куюп турушун талап кылчумун, бир жолу эки күн самыны жок отурдук. Беткапты тагыныш керек, бирок аны башкы дарыгер келерде гана тагынып калышат, башкы дарыгер келгенде баарыбызга беткап берип, аны менен коридорго чыгууга уруксат кылышчу, палатада аны тагынган эч ким жок. Кимдир бирөөдөн вирус табылып, тести көрсөтүп калса, ал бейтап ковидарийдин дарыгерлери келип алып кеткиче башкалар менен бирге болчу. Мага оору ошентип жукту. Бир убакта жыт сезбей калдым. Албетте, “жиндиканада” жыт билбегениң жакшы, анын сасыгын жыттабай, ансыз деле жаман жыттан көңүл айланып жүрөт. Ал жерде эмне болгонун жакшылап билиш үчүн мен дагы чыдашым керек эле.
Анан азаптын баары башталды [коронавирус бөлүмүнө которулгандан кийин], балекеттин баары ушул жерде экен. Саат да, күзгү да жок. Кааласаң күндө жуунушка уруксат, жуунганың менен кир кийимдерди беришет. Биз блокнотко жылнааманы жазып алып, күндүн кайсы жерге келгенин палатадагы жарыкка карап аныктап жүрдүк. Жарык менин керебетиме тийдиби, демек, түшкү тамак убактысы, болжол менен саат 2. Күзгүнүн айласын да таптык, түн киргенде караңгыда айнектен өзүңдү карасаң, өң-алеттан кеткен чачың саксайган бир сөлөкөттү көрөсүң", - деген Анастасия андан ары кебин улады:

"Ушул 33 күн, 33 азаптуу, шордуу учур эсимден кетпес болуп калып калды, өмүрдүн бир ирмеми катары мээме кадалды, эч качан эсимен чыкпайт. Руслан Костыленков менен кат жазышып турам. “Новое величие” боюнча айыпталган, мен ага көргөн азап-тозокторумду жазсам, ал мага СИЗОдогу жагдай андан кыйла дурус деп атпайбы".

Которгон: Бекташ Шамшиев

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG