Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Лукашенко АКШнын санкцияларына жооп кылды


Лукашенко.
Лукашенко.

Александр Лукашенконун авторитардык режими АКШнын соңку санкцияларына реакция жасады. Анда Вашингтондон 1-сентябрга чейин Минскидеги элчиликте иштеген америкалык дипломаттардын санын 5 адамга чейин кыскартууну талап кылды.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анатолий Глаз мекеменин расмий сайтына жарыяланган билдирүүсүндө, Минск 11-августта Жули Фишерди АКШнын Беларустагы элчилигине дайындоого макулдугун кайра чакыртып алганын маалымдады.

"Беларус АКШнын азыркы администрациясына ишенимди жоготкону үчүн биз Кошмо Штаттарынын бийлиги алып барган бардык жаңы долбоорлор жана гранттык программалар боюнча кызматташууну токтотобуз", - деди ал.

Глаз ошондой эле, Минск кошумча чараларды көрүшү ыктымал экенин кошумчалады.

Бул билдирүү АКШ, Канада, Улуу Британия жана Евробиримдик бирге Беларуска каршы санкцияларды бекиткенден кийин жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG