Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Washington Post: Пентагон Кабулдун кулашына даяр


Лашкаргах провинциясындагы атышуудан бүлүнгөн оорукана. Август, 2021-жыл.
Лашкаргах провинциясындагы атышуудан бүлүнгөн оорукана. Август, 2021-жыл.

Пентагон Ооганстанда талибдердин бийлиги алдыңкы үч айда толук орношу ыктымалдыгын божомолдоодо. Бул тууралуу өз булактарына таянып Washington Post гезити жазды.

Акыркы бир нече күндө эле талибдер 34 провинциянын жетөөнү басып алышты.
Пентагондун июндагы божомолуна ылайык, Кабул талибдердин колуна жарым жыл аралыгында тиймек.


Ооганстандан АКШнын аскерлерин чыгаруу мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда башталган. Азыркы президент Байден аскерлерин алып чыгуу мөөнөтүн 11-сентябрга чейин деп мөөнөт койгон. Эл аралык альянстын күчтөрүнүн азайышы "Талибан" кыймылы өкмөттүк күчтөргө чабуулун күчөттү.

11-августта журналисттер менен жолугушуусунда Байден өз чечимин кубаттады.

"20 жыл ичинде биз Ооганстанда тынчтык орнотобуз деп триллион доллардан ашык каражат короттук. Биз 300 миң ооганстандык аскерди окутуп, курал-жарак менен камсыз кылдык. Эми ооган лидерлери биригип, өз өлкөсү үчүн чогуу күрөшсүн", деди Байден.

Бул аралыкта Ооганстандын президенти Ашраф Гани мурда бир пикирге келбеген аскер топторунан жардам сурап кайрылды. Ал жай тургундарды демократияны сактап калууга чакырды.

"Азаттыктын" ооган редакциясы кабарлагандай, 10-августта Катарда ооган өкмөтү менен талибандын тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Анда өкмөттүн өкүлү талибдердин акыркы чабуулдары тараптардын ортосундагы ишенимди бекемдебей турганын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG