Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Тажикстан: төрт окуучу сууга чөккөн окуя боюнча мугалимдер кармалды


Бахтиёр Каримкулов, Садриддин Каримов, Лазизбек Хидиров жана Асилбек Мамадисоев
Бахтиёр Каримкулов, Садриддин Каримов, Лазизбек Хидиров жана Асилбек Мамадисоев

Сырдарыя суусуна төрт окуучу чөгүп кеткенден кийин Истаравшан шаарындагы №60 мектептин эки мугалими кармалды.

“Озоди” радиосу кабарлагандай, кармалгандар Кылмыш кодексинин “этиятсыздык менен адам өлүмүнө себеп болуу” беренеси боюнча айыпталууда. Алар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

7-августта 6-9-класстын 20дан ашык окуучусу мектеп директору жана эки мугалим менен бирге Кожент шаарына саякаттап барган. Саякат учурунда окутуучулар балдарды кароосуз калтырганы айтылууда. Балдар Сырдарыядагы тыюу салынган жерде сууга түшүп жатып, чөгүп кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, бир бала сууга чөгүп, ага жардамга келген үчөө дагы агып кеткен.

Сууга чөккөн балдар Истаравшандагы №60 мектептин окуучулары Бахтиёр Каримкулов, Садриддин Каримов, Лазизбек Хидиров жана Асилбек Мамадисоев. Алардын баары 16 жашта болгон.

Балдардын сөөгү 8-августта жерге берилди. Алардын ата-энелери кайгылуу окуя үчүн мугалимдерди күнөөлөшүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG