Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Мектептерде окуу форматы 20-августтан кийин белгилүү болот


Онлайн режиминде окуп жаткан кыз.
Онлайн режиминде окуп жаткан кыз.

Коронавирус пандемиясынан улам онлайн окууга өткөн билим берүү форматы азырынча аныктала элек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Мурат Үсөналиев "Азаттыкка" билдирди:

"Жалпы билим берүү мекемелеринин иштөө форматы мугалимдердин Август кеңешмесин утурлай, 20-августтан кийин белгилүү болот".

Быйылкы жаңы окуу жылында жалпы Кыргызстан боюнча 156 миңден ашуун бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттайт. Былтыр 115 миң бала 1-класска кирген.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарына, ал эми жашыл аймактагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген. Эксперттер онлайн окуу балдардын билим алуусунун сапатына терс таасирин тийгизгенин белгилешүүдө.

Өлкө боюнча 2310 мектеп бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG