Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранга кол салган киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы соода түйүндөрүнүн биринде кассир болуп иштеген 28 жаштагы кыргызстандык К. М. аттуу жаранды карактоого аракет кылган шектүү кармалды. Ал кассадагы акчаны алуу үчүн жабырлануучуну бөтөлкө менен башка чапкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, учурда бул иш боюнча Санкт-Петербург шаарынын Калинин районунун полициясы "Каракчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүүдө.

Элчилик бул маселе Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинин көзөмөлүнө алынганын маалымдады.

Быйыл июнда Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе райондук соту "каракчылыкка" айыпталып, 2020-жылдын башынан бери камакта жаткан үч кыргызстандыкты актаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG