Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Коронавируска каршы эмдөө боюнча көрсөткүч 32% жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 12-августка карата 32 процентке жетти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эмделгендердин жалпы саны 781 миңден ашты.

Эмдөөдөн өткөн 781 миң адамдын 217 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Кыргызстандын калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 проценти эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери бул илдет менен расмий түрдө катталгандардын саны 170 миңден ашты, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG