Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

"Талибандын" өкмөтү Ооганстанда митингдерге убактылуу тыюу салды


Кабул шаарында чогулгандар Пакистандын Ооганстанга байланыштуу саясатын сынга алышты. 8-сентябрь, 2021-жыл.
Кабул шаарында чогулгандар Пакистандын Ооганстанга байланыштуу саясатын сынга алышты. 8-сентябрь, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы дайындаган жаңы ооган өкмөтү биринчи иш күнүндө каршылык акцияларына убактылуу тыюу салды. Шаршемби күнү талибдердин өткөөл өкмөтү демонстрациялар "коомдук тартипти бузуп, араздашууга себеп болуп жатат" деп билдирди.

Аны улай "Талибандын" маданият боюнча комиссиясынын жетекчисинин орун басары Ахмадулла Васик аялдар Ооганстандагы популярдуу крикет оюнун ойнобошу керектигин австралиялык SBS News телеканалына курган маегинде айтты.

"Кыздар спортко муктаж эмес. Алар дене-башы ачылып, кийим кийүүнүн жол-жоболорун аткарбай калышат. Ислам буга жол бербейт", - деди Ахмадулла Васик.

Мындай чечимдер "Талибан" 1996-2001-жылдардагы эл турмушун тескеген мурдагы катаал чараларын кайра алып келбейби деген кооптонууларга жол ачты.

7-сентябрда талибдер жалаң эркектерден турган жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган. Алардын дээрлик баары "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. Арасында Бириккен Улуттар Уюму менен АКШнын кара тизмесинде турган адамдар бар.

8-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Германиядагы маалымат жыйынында Вашингтон жаңы ооган өкмөтүндөгү айрым адамдардын таржымалына тынчсызданып турганын айтты.

"Талибан" эл аралык деңгээлдеги легитимдүүлүктү жана колдоону көздөп жатат. Ар бир легитимдүүлүк, ар бир колдоо эмгектин арты менен келет", - деди Блинкен.

Талибдер 15-августта бийликти колго алгандан бери Ооганстандын аймактарында бул кыймылга каршы чыккан, Пакистандын саясатын сындаган жана аялдардын укуктарынын сакталышын талап кылган бир нече акциялар өттү. Талиб жоочулары алардын көбүн күч менен таратты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG