Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Кыргызстанга келди


Терхи Хакала.
Терхи Хакала.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстанга келди. Бул анын 2021-жылы 1-июлда кызматка киришкенден кийинки биринчи сапары. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Хакала эки күндүк сапары алкагында өлкө президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков жана акыйкатчы Токон Мамытов менен жолугушат.

Жолугушууда саясий диалогдун алкагында Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу, Кыргызстандагы саясий жараяндар, парламенттик шайлоо талкууланары пландалган.

Мындан сырткары тараптар алдыда боло турган Жарандык коомдун жана экономикалык форум, аймактагы кырдаал жана Ооганстандагы абал боюнча маселелерге токтолушары айтылгат.

Эки тараптуу жолугушуулардан сырткары Хакала дипломатиялык коомчулук, Европа биримдигине кирген өлколөрдүн элчилери менен жолугушат.

Терхи Хакала Кыргызстанга келер алдында 6-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Брюсселде жолугушкан. Анда тараптар кыргыз-европа кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы учурдагы долбоордук ишмердүүлүгү, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата иштелип чыккан көп жылдык индикативдик программанын алкагында конструктивдүү пикир алмашуу болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG