Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Тажикстан "Талибандын" Панжшердеги аракетин сындады


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 8-сентябрда Ооганстандагы кырдаалга арналган виртуалдык жолугушууга катышып, "Талибан" кыймылынын Панжшер провинциясындагы аракеттерин сынга алды.

АКШ жана Германиянын демилгеси менен уюштурулган бул жолугушууга бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын, Пакистандын, Сауд Арабиянын, Түркиянын, Улуу Британиянын башкы дипломаттары жана Евробиримдиктин, НАТОнун жана Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилери катышты.

Анда Мухриддин Ооганстандын Панжшер провинциясына чабуул жасоодо талибдер "үчүнчү өлкөлөрдүн жардамы менен авиация колдонуп, көптөгөн тажиктерди өлтүрдү" деп айтты. Бирок министр талибдерге кайсы өлкөлөр жардам бергенин так айткан жок.

Буга чейин индиялык басылмалар Пакистандын согуштук учактары талибдердин Панжшердеги чабуулу маалында Ахмад Масуд жетектеген "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" позицияларына сокку урганын кабарлашкан. Андан соң Ооганстандын көптөгөн шаарларында Пакистандын саясатын сындаган нааразылык акциялар өткөн.

Бирок Пакистан армиясынын өкүлү өлкөнүн учактары Панжшерге чабуул койгону тууралуу маалыматтарды четке каккан. Тажик тараптын мындай билдирүүсү боюнча "Талибандын" позициясы белгисиз.

Бир нече күн мурда талибдер Ооганстандын түндүк-чыгышындагы көбүнесе этникалык тажиктер байырлаган Панжшер аймагына толук көзөмөлүн орнотконун жарыялаган. Бирок Масуддун күчтөрү мындай маалыматты четке каккан.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы ооган өкмөтүнө Ооганстандагы этникалык тажиктер кошулбай турган болсо, Дүйшөмбү андай өкмөттү тааныбай турганын ишарат кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG