Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Ооганстанда талибдердин чектөөсүнө карабай митингдер уланды


Кабулдагы 8-сентябрда болгон акцияга чыккан аялдар.
Кабулдагы 8-сентябрда болгон акцияга чыккан аялдар.

"Талибандын" жаңы өкмөтүнүн чектөөсүнө карабай Ооганстандын бир катар аймактарында нааразылык акциялары өттү.

9-сентябрда баш калаа Кабулдагы Пакистан элчилигинин алдына ондогон адамдар чогулуп, “Биз эркиндикти каалайбыз!” деп ураан чакырып турушту. Митингчилердин айтымында, талибдер асманга ок атып, чогулгандарды таратты.

Ушундай эле акциялар Парван, Нимруз, Кундуз жана Каписа провинцияларында өткөнү, айрым адамдар кармалганы кабарланып жатат.

Бир күн мурда талибдер дайындаган өткөөл өкмөт Ооганстанда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салган. Аны улай "Талибандын" таанымал өкүлү кыз-келиндер спорт оюндарын, анын ичинде крикет ойнобошу керектигин айткан.

Мындай аракеттер "Талибан" 1996-2001-жылдардагы эл турмушун тескеген мурдагы катаал чараларын кайра алып келбейби деген кооптонууларга жол ачты.

7-сентябрда талибдер жалаң эркектерден турган жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган. Алардын дээрлик баары "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. Арасында Бириккен Улуттар Уюму менен АКШнын "кара тизмесинде" турган адамдар бар.

XS
SM
MD
LG