Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргызстанга Түркиядан Sinovac вакцинасы келди


Түркия Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди. 9-сентябрь 2021
Түркия Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди. 9-сентябрь 2021

Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, вакцина 9-сентябрда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында гуманитардык жардам катары берилген. Жүктү кабыл алуу иш-чарасына министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Sinovac менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар эмделсе болот. Вакцинанын биринчи жана экинчи дозасынын аралыгы 2-4 жуманы түзөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы Кытайдын Sinovac-CoronaVac вакцинасын колдонууга уруксат берген. Бул эл аралык уюм жактырган экинчи кытай вакцинасы.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү 1-сентябрда калкты массалык эмдөө боюнча он күндүк акция жарыялаган. Учурда эмделгендердин саны 1,2 млн. ашты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG