Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

"Халтура" азабы: алданган мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы мигранттар арасында акыркы эки жылда убактылуу же бир-эки күндүк иш менен алектенгендер көбөйгөн.

24 жаштагы Мунарбек Базаркуловдун Орусиянын Москва шаарына келгенине эки апта болгон. Анын айтымында, Москвада айрым мигранттар күнүмдүк иштер менен жан сактап келет.

Ал азыр өзү да документтери бүткүчө бир күндүк иштен колу бошобой жатыптыр.

Мунарбек Базаркулов.
Мунарбек Базаркулов.

"Бул жактагылар күнүмдүк ишти "халтура" деп коюшат. Мен келип эле туруктуу иш тапкыча тааныштар аркылуу ошол жакка барып жатам. Биринчи күнү башка, эртеси такыр башка иштерге тартылдым. Жакшы жери акчаны ошол эле күнү алат экенсиң. Анткени мага окшоп жаңы келгендерде акча жок да. Ар күнү ар кандай жумуш".

"Халтура" - эмгек мигранттары үчүн бир күндүк жумуш. Көбүнчө курулуш, жүк ташуу, үй жыйноо, курьердик кызмат көрсөтүүдө иш берүүчүлөр мигранттарды тартканга аракет кылат.

33 жаштагы Нургүл Пермь шаарына алты жыл мурда келген. Ал аптасына беш күн үй жыйнап иштейт. Ишинен сырткары дем алыш күндөрү башка иштерге жалданып чыгат.

Нургүлдүн айтымында, күнүмдүк иштерде иш берүүчү менен эч кандай келишим түзүлбөйт. Кээде өмүрүн тобокелге салып, бийик имараттардын терезелерин жууганына карабай эмгек акысын албай каларын айтып отурду.

"Бул жакка баарыбыз жакшы жашоодон качып келген жокпуз. Иш тандай турган абалда эмеспиз. Мен мисалы, дем алыш күндөрү үй, дача жыйноого буюртма алам. Ортодо эч кандай келишим жок. Тынбай, тамак жебей иштейсиң. Кээде бийик имараттарды тазалап, терезе жууйбуз. Кокус бир нерсе болуп кетсе эч ким жооп бербейт. Эки кыз иштесек, 2000 рублдан алабыз. Анда деле "берем " деген сөзүнө ишенип, бара бересиң . Бербей алдап кеткендер да болот. Кээде картага которобуз деп коюп, качып кетишет. Андайда кимге кайрылмак элең?".

Ар кандай маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын басымдуусу Орусияда.

Соңку маалыматтар боюнча азыркы тапта Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 550 миңдин тегерегинде. Алардын теңи гана ИИМдин миграция башкармалыгында расмий эмгектене турганы кабарлаган.

29 жаштагы Каныбек төрт жыл Москва шаарында жалаң күнүмдүк жумуштарда иштеп, жакында эле мекенине кайтып келди.

Анын айтымында, пандемия башталган акыркы эки жылда бир күндүк жумуштарга суроо-талап күч алган. Бирок, аны менен кошо алданып калган мигранттар да көбөйгөн.

"Баштыкты көтөрүп алып "халтурага" жөнөйбүз. Кайра көтөрүп, шалпыйып келебиз. "Халтура" деген атайын вотсап тайпалар бар. Ошол жактан иш издейбиз. Өзгөчө карантинден кийин көп мигранттар мекенине кайтып, андай иштер көбөйдү. "Халтура" аты эле айтып тургандай бири-бирин алдамай. Көп учурда акчабызды албай калабыз. Андайда укугуңду коргоого такыр мүмкүн эмес. Кайра бизди басыш үчүн полиция машинеге салып кеткен учурлар болот".

Расмий маалыматка ылайык, жылына Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө болжол менен 2,5 миңдей жаран 150-200 миллион рублге чейин эмгек акысын албай калганына даттанып арыз менен кайрылат. Адатта анын 40-70 миллиону гана өндүрүлөт.

Жанна Сабаева.
Жанна Сабаева.

Орусиядагы мигранттар менен иштеген укук коргоочу Жанна Сабаева мындай көйгөйдүн себептерин санап өттү.

"Көбү айлык албай калганы үчүн кайрылышат. Мыйзамдуу, эмгек келишими боюнча иштөө үчүн документтерди өз убагында тактоо керек. Негизи Орусияга келгенден кийин эле дароо каттоого турган оң. Мурда бир апта убакыт берилчү. Азыр мурдагыдай бир апта эмес, бир ай болуп калган. Ошол убакыт ичинде да каттоого турбай жатышпайбы".

Социалдык сурамжылоолорго ылайык, Орусияда расмий иштеген чет өлкөлүк мигранттын орточо айлык акысы 31 миң рублдин тегерегинде.

Орусиядагы юрист Мирбек Токтошев мигранттардын көбү маянасынын аздыгынан улам укугун коргой албай келет деген пикирде.

"Акыркы эки жыл ичинде күнүмдүк иштер өтө популярдуу болуп кетти. Андай учурда укук бузуулар да көп катталат. Бирок мигранттар 2-3 миң рубль үчүн юристтерге кайрылышпайт. Анткени юристтин акысы андан да кымбат чыгып жатпайбы. Жумуш берүүчү да ошол кырдаалдан пайдаланат. Негизи эле күнүмдүк ишке эки тарап тең кызыкдар болушу керек. Эмгек мигранттардан жоопкерчиликти талап кылбайт. Күнүгө акчасы колунда болот. Бир-эки күн иштеп кетип калгандар да болот".


Деген менен адистер эмгек келишим менен мыйзамдуу иштөө мигранттар үчүн пайдалуу экенин белгилешет. Расмий иштеген кыргызстандыктарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси 2017-жылдан тартып бериле баштаган.

Бул полис кыргызстандыкка Орусиянын ооруканаларында бир катар жеңилдиктер менен медициналык жардам алууга, дарыланууга мүмкүндүк берет.

2021-жылдын 1-январынан тарта Бажы биримдигинин аймагында расмий иштеген мигранттар өз өлкөсүндө пенсияга чыкканда, алардын чет жактагы эмгек стажысы эсепке алынып, кошумча пенсиялык төлөм чегериле баштаган.

Расмий эсеп боюнча Орусияга Кыргызстандан 600 миңден ашуун эмгек мигранты барып иштеп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда кыргыз мигранттарынын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG