Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Эламан Келдибеков: Миграцияда көп нерсени түшүндүм


Эламан Келдибеков.

Айтыш өнөрүндө башка акындардан өзгөчөлөнүп, Барпы акындын (Алыкулов) стилине салып комузу жок төгүп ырдаган Эламан Келдибеков учурда Москва шаарындагы тигүү цехтеринин биринде эмгектенип жүрөт. "Азаттык" жаш таланттын эмгек миграциясындагы турмушу, чыгармачылыгы тууралуу сурады. ​

- Эламан, элге атыңыз тааныла баштаган мезгилде эмгек миграциясына чыгып кеткениңизге эмне себеп болду? Азыркы жумушуңуз чыгармачылыкка тоскоол болгон жокпу?

- Мен азыр Москва шаарындагы тигүү цехтеринин биринде иштеп жатам. Келгенден бери эле ушул тармакта эмгектенем. Мурун тигүүчү болуп, машинкада отурчумун. Азыр үтүкчү болуп кеттим. Анткени бул жакта сапатка көбүрөөк көңүл бурулгандыктан, жоопкерчиликке так болоюн деп үтүкчүлүктү колго алдым. Бул жумушум ойлонуп иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Иштеп жаткан убагымда деле ырды ойлоном, аудио китептерди угам. Чыгармачылыгыма тоскоол деле болгон жок, ыңгайлуу эле. Бишкекте кандай иштеп жүрсөм, бул жакта деле ошондой.

Тескерисинче, азыр көбүрөөк ыр менен алектенгенге аракет кылып жатам. Келгенден бери чек ара маселеси тууралуу бир кайрылуу жасадым. Буюрса жакынкы арада дагы жеке ырларды, айтыштарды, кайрылууларды күтсөңүздөр болот.

- Антсе дагы сиз менен бирге жүргөн чыгармачыл чөйрөнү сагынгандырсыз?

- Устатыбыз Элмирбек Иманалиев тирүү кезинде күн сайын “Айтыш” коомдук фондунда чогулуп, эртеден кечке кызыктуу баарлашууларды өткөрчү элек, ошол күндөрдү сагындым. Ошол убакты чындап эле сагындым. Ал күндөр бир башкача өттү. Себеби, күндө таңкы 7де Элмирбек устатыбыз келчү, кечки 11ге чейин кобурашып отуруп калган күндөрүбүз көп болду. Түштөнүүгө да бирге барчубуз. Кыскасы, устатыбыз менен бирге жашадык десем болот. Ал шакирттерине ата-баладай өтө жакын болду.

- Элмирбек Иманалиев тууралуу эскерип калдыңыз, канча убакыт устат-шакирт болуп калдыңар?

- Ал бизге жашоодо дагы, өнөрдө дагы устат болду. Биз кээде өнөрдө эле эмес, жеке маселелерибизде суроо жаралса дагы ага кайрылчубуз. Устатымды 2013-жылдан баштап ээрчидим. 2017-2019-жылдар аралыгы шакирттерине өзгөчө көңүл бурду. Бизди айтышка берилип даярдады. Өнөр менен кызуу иштедик. Менде ушул убакка чейин кандай жетишкендик болгон болсо, ал ийгиликтин 90 пайызы Элмирбек Иманалиевдин эмгеги.

Эламан устаты, маркум акын Элмирбек Иманалиев менен.
Эламан устаты, маркум акын Элмирбек Иманалиев менен.
  • Эламан Келдибеков 1993-жылы 7-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында туулган.
  • 2013-жылдан айтыш өнөрүнө аралашып, алгач айтышка комуз менен чыккан. Белгилүү композитор Түгөлбай Казаковдун сунушу менен 2015-жылдан баштап комузу жок, Барпы акындын стилинде айтыша баштаган. Сахнада төкмө акын Изат Айдаркулова менен тамаша айтыш кургандан кийин калың элге тааныла баштаган.
  • Эл аралык айтышта биринчи жолу 2019-жылы кыргыз-казак айтышында казакстандык акын Айнур Турсунбаева менен айтышкан.

- Москвадагы кыргыз мигранттарынын чөйрөсү жаңыдан элге таанылып калган акынды кандай кабыл алды?

-Бул жактан ар түрдүү көз караштарга кабылдым. Менин келгенимди көргөн кээ бири чочуду, кээ бирлери кубанды. Кубангандары - өнөргө кызыккандар, акынды жанынан көрсөм дегендер. Азыркы жаш муунда айтышка кызыккандар көп экен. Буга кубанып, кээ бир таланттуу жаштарга билгенимден кеңеш бергенге да жарап жатам. Айтыштын жаш муунга жетишине устатыбыздын да салымы бар.

Эламан жумуш учурунда.
Эламан жумуш учурунда.

Чочугандары - "акындыкты таштадыңбы, эми болду ырдап чыкпайсыңбы” дегендер. Бул суроолор мени чынында ичиркентип жиберди. “Жок” деп гана жооп берип жаттым. Кээ бирлери “устатыңардын көзү өтүп кетип, силер таркап кеттиңерби” деп, ичи ачышып аяп карады.

- Негизи айтыш өнөрүнө болгон алгачкы кызыгуу-таасирлер качан ойгонду?

- Чыгармачылыкка кызыгуум 2008-2009-жылдары мектепте 8-9-класста окуп жүргөндө башталды. Ал кезде кытайдын арзан телефондору болчу эле го, ошого айтыштарды жаздырып алып, өткөрүп алып угат элем. Бишкекке келгенден кийин радиодон күндө бир маал айтыш берилчү. Бассам-турсам аны угуп жүрө берчүмүн. Айтыш өнөрүнө кызыгуум ошентип башталды.

- Жакында эле кыргыз-казак айтышы өтпөдүбү. Алыста туруп кандай баа берип жатасыз?

- Бул айтыш негизинен жакшы өттү. Футболдун, көкбөрүнүн көрүүчүлөрүндөй эле берилип күйөрмандык кылдым. Мен өзүм да айтышып жаткандай, өзүм жооп бергим келип, ушундай кызык сезимдер болуп жатты. Бул айтышта эл алдына жаңы жүздөр чыкты. Дегеним, мурда бир акырдан жем жеген Мундузбек Борончиев чоң айтышка алгач кадам жасады. Бирок атаандашына татыктуу жооп берип, жакшы айтыш курду. Башка акындардын да айтышын бааладым, дегеле жалпысынан жакшы айтыш болду.

- Акынга мамлекет тарабынан колдоо керекпи? Жакында “Азаттыктын” талкуу төрүндө төкмө акындар бул боюнча өз пикирин билдиришти эле.

- “Азаттыктагы” талкууну көрдүм. Ошол жерден мен тууралуу сөздөр да болду. Талкууда “Акындарга бирөөлөр жардам берсе” деген ойлор айтылды. Мен буга кошулбайт элем. Мигрант дегенде эле баарын бир бечара ойлошот экен кээ бир адамдар. Мен бул жакка келип эл көрдүм, жер көрдүм, өзгөрдүм дегендей. Кайра келүү мүмкүнчүлүгү болсо, дагы да келмекмин. Мигрант деген жалпылап айтканда, өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да жоопкерчилигин моюнуна жүктөгөн адам. Студияга келген акындардын айрымдары “Акындын жеке жашоосу коомдогу адамдар менен курган мамилесинен көз каранды” дегендей да кептерди айтты. Эми ар кимдин мүнөзү ар кандай да. Адам менен мамиле куруп, жан багып кетиш үчүн баш жалтырак, тил жылма болушу керек экен. Адамдын ичине кире билиш керек экен. Менде андай өнөр жок. Айтышта кандай болсом, жашоодо деле ошондоймун.

“Мамлекеттен же кимдир бирөөдөн жардам керек” деп да айтышты. Бирок ал нерсенин милдети да ошончолук. Мага ушул жашоом жагат. Акыбалымды бир сүйлөм менен айтканда, колумда ишим, чөнтөгүмдө пулум, жүрөгүмдө акындык өнөрүм бар.

Барпы акындын образындагы Эламан Келдибеков.
Барпы акындын образындагы Эламан Келдибеков.

- Мекенге качан кайтайын деп турасыз?

- Устатымдын “Билгендерге бул дүйнө – күндөн-күнгө үйрөнүү, билбегенге бул дүйнө – көрдөн-көргө сүйрөлүү” деген бир сөзү бар го. Мен Москвага келип, көп нерсени түшүндүм. Жашап келип көргөн менен концертке ырдаганга келип көргөн таптакыр башка. Иштеп келсең жашоону, адамдарды көрөсүң. Москвадан кээде жакын адамдар чакырган тойлорго барып турам. Иш деп өнөрдү, өнөр деп ишти таштап салбай, теңсалмакта алып бара жатам. Ошол эле маалда башка өнөр адамдарына да чет өлкөгө чыккыла деген чакырыктан алысмын. Ар бир акын тагдыр күтүш керек дейт го. Биз мамлекетке жардам эле беришибиз керек. “Мени карагыла” деп милдет кылбаш керек деп ойлойм.

Алдыда максаттар мамлекетибиздин жакшы күндөргө жеткенин көрүү, ошого салым кошуу. Устатыбыз деле ошол максатта, ошол жолдо жүрүп өттү. Бизге да ошол кызматты насип кылсын, мамлекетке татыктуу уул болууну насип кылсын деп тилейм.

- Учурда сизди көбүрөөк эмне түйшөлтөт? Акын катары көңүлдү өйүгөн кайсы маселени айткыңыз келет?

- Көңүлүмдү өйүгөн маселе – эне тилге кам көрүү алдыңкы орунга чыкса деп ойлойм. Башка тилди да үйрөнүү керек. Албетте, бирок эне тилди жерип койбошубуз керек. Бирок тил өнүгүшү үчүн башка тармак да өнүгүүсү керек тура. Мисалы, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө тили да кубаттанат экен. Тилине кам көргөн мамлекеттин экономикасы өнүгөт экен. Булардын баарынын тамыры бир нерсе экен да. Ушул нерселер көп ойлондурат. Азыр ар бир кыргыз өткөндөн сабак алып ойгонду, туура жолдо баратабыз деген аруу үмүттөмүн.

Эркиндикти самаган төкмөлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:40 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG