Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Элчилик Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды 


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. 17.08.2020
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. 17.08.2020

Мигранттар 30-сентябрга чейин Орусиянын аймагында жүргөнүн мыйзамдаштырып, талап кылынган бардык жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, орус президенти Владимир Путиндин 15-июндагы коронавирустун жайылышынын алдын алуу тууралуу жарлыгынын негизинде чет элдиктердин тиешелүү арыздарын кабыл алуу 30-сентябрда токтойт.

Элчилик кыргызстандыктарды миграциялык каттоого турууга, жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүүгө чакырды. Мындай документтери жок болгондорго полиция административдик айып салары эскертилди.

Экиден көп административдик мыйзам бузган жана окуудан чыгарылган жарандар ушул мөөнөткө чейин өз ыктыяры менен Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө тийиш.

2020-жылдын 15-мартына чейин Орусиядан кеткен жана федерация аймагында болбогон чет өлкөлүктөр, убактылуу жашоого уруксаты барлар 30-сентябрга чейин документтерин узартса болот.

15-июнда Владимир Путин Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узарган.

Орусияга жаңы барган мигранттар “лоялдуулук жөнүндө келишимге” кол коюуга милдеттүү болот.

Чет өлкөлүк мигранттар аталган келишимге кол коюу менен өзү тууралуу ачык маалымат берүүгө, орус өкмөтүнө зыян келтирбөөгө жана мыйзамдарды так сактоого милдеттеме алат. Келишимдин шарттары сакталбаган учурда мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылат жана бардык чыгымды өзү көтөрөт.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашары айтылып келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG