Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Эпкин-Баш-Кууганды жолун China Railway компаниясы салат


Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин - Баш-Кууганды тилкесин салуу боюнча тендерди кытайлык China Railway компаниясы утту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

70 чакырымды түзгөн бул тилке Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыяга курулат.

Өткөн жылы 1-декабрда эки жыл мурун тендерди уткан италиялык компания менен келишим жокко чыгарылган. Тендер сегиз айдан кийин, быйыл 7-июлда өткөн.

Бишкек-Кара-Балта жолун салып жаткан China Railway компаниясы эң аз же 39 млн. доллар сунуштаган.

Жумгалдыктар буга чейин бир канча жолу нааразычылык акциясына чыгып, жолду тез-арада бүтүрүүнү талап кылышкан. Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жолуккан.

Маалыматка караганда, италиялык Todini Costruzioni Generali Company эки жылда болгону 9,5% жумушту аткарган.

Укук коргоо органдары 2018-жылы 5-декабрда транспорт министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев италиялык компаниянын кызыкчылыгын сүрөө үчүн 520 миң доллардык паранын, 50 миңин алып жаткан жерден кармалганын жарыялаган.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. Жол салуу 2015-жылы башталган, жалпы наркы башында 850 миллион доллар деп бааланып, 2018-жылы биринчи фазасы колдонууга берилиш керек болчу. Азыркы баасы 937,5 млн долларга жетти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG