Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Кабул аэропортунан 200дөй адам чет өлкөгө учуп чыкканы кабарланды


Кабул аэропортунан учуп чыгып жаткан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021--жыл.
Кабул аэропортунан учуп чыгып жаткан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021--жыл.

9-сентябрда "Катар аба жолдорунун" учагы Ооганстандын башкалаасы Кабул аэропортунан 200гө чукул адамды алып чыкты. Алардын арасында АКШнын жарандары да бар.

30-августта Кошмо Штаттар башында турган эвакуация аракеттери аяктагандан бери Кабулда учак каттамдары калыбына келе элек болчу.

Интернетке түз көрсөтүлгөн видеодон учак жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 6лар чамасында асманга көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.

The Associated Press агенттиги жүргүнчүлөрдүн арасында 100-150дөй америкалык жаран болушу мүмкүндүгүн Катардагы эки расмий жетекчиге шилтеме кылып жазды.

"Reuters" агенттиги да Катардын баш калаасы Дохадагы булагына таянып, учактагылар ооган жарандары эмес экенин кабарлады. Бирок агенттиктин бул булагы Кабулдан учуп чыккандардын арасында Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында каттамдардын жанданышын күтүп жаткан адамдар бар же жок экенин айта алган.

Талибдер Мазари-Шариф аэропортундагы жеке учактарды сыртка чыгышына тыюу салган. Натыйжада жүздөгөн адамдар чет өлкөгө кете албай калышкан. Алардын арасында 19 америкалык бар экени кабарланган.

Талибдер тиешелүү документтер бар жүргүнчүлөргө өлкөдөн чыгууга уруксат берген. Бирок Ооганстандын түндүгүндөгү бул аэропортто күткөндөрдүн көбүнүн андай документтери жок болуп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG