Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Ооганстандын түндүгүндө жүздөгөн киши уча албай турат


Мазари-Шарифтеги аялдардын демонстрациясы. 6-сентябрь, 2021-жыл.

Жүздөгөн киши, анын ичинде бир катар америкалыктар жана балдар Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарынан уча албай турушат. Талибдер америкалык бейөкмөт уюмдар уюштурган учактардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бөгөт коюп жатканы маалым болду.

Америкалык Ascend деп аталган бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү жана аткаруучу директору ЛеГри билдиргендей, 600-1300дөй киши, анын ичинде өспүрүм кыздар бир аптадан бери шаардагы аэрпортто учакка отурууну күтүп жатышат.

7-сентябрда “жети күн болду, эч кандай жылыш жок” деди ЛеГри. Анын уюму ооган кыздарынын лидерлик сапаттарын активдүү жашоо аркылуу өнүктүргөн долбоорду иштетчү. Ал “Талибан” кыймылын “эч нерсени ордунан жылдыртпай жатат” деп айыптады.

Ушул тапта алты учак шаардагы аэропортто эвакуацияланчуларды күтүп турат. Учакка отурууну күткөндөрдүн арасында 19 америкалык жаран, 16дан 23 жашка чейинки өспүрүм кыздар жана келиндер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар. Алардын бардыгы “Талибан” 1996-2001-жылдары бийликте турганда катуу жапа чеккен хазарлардын өкүлдөрү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 7-сентябрда ал жетектеген мекеме Ооганстандан эвакуацияланууну күтүп жаткандарды аман-эсен чыгарып кетүү үчүн “тыным албай” иштеп жатканын айтты.

“Талибан” кыймылы “тиешелүү документтери барлардын чыгып кетүүсүнө эч кандай тоскоолдук болбойт” деп айтканын Блинкен Катардагы маалымат жыйынында билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG