Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Милиция Орозайым Нарматованын үйүндө тинтүү жүргүздү


Абилбек Алимкулов.
Абилбек Алимкулов.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын үйү тинтүүгө алынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов билдирди. Анын айтымында, 10-сентябрда Ош облустук милициясы Бишкек милициясынын тапшырмасы менен активисттин Өзгөн районундагы үйүн тинтүүгө алды.

“Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тинтүүгө алдык. Анын негизинде тиешелүү материалдарды Бишкекке жөнөттүк. Эч кандай мыйзам бузуу, каршылык болгон жок”.

Активист Орозайым Нурматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын билдирди.

Ал 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан. Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Айрым саясатчылар активисттин кармалышын айыптап, анын бошотулушун талап кылышууда. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG