Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

ИИМ Нарматова "кастыкты козутууга" айыпталып кармалганын билдирди


Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

Ички иштер министрлиги активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча расмий маалымат таратты. Ага ылайык, Нарматова Кылмыш кодексинин 313-беренеси 1-бөлүмү ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айыпталууда.

1-бөлүмдө "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса", - деп жазылып турат.

Мекеме активист Москва шаарындагы “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар" аттуу коомдук кыймылдардын лидери жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү катары Орусияда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүп келгенин белгилейт.

"Нарматова иш-чараларда дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата негизсиз сындарды айтып келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу жана тескери пикир жаратуу аракети жүрүп турат. Анын аракеттеринде аймактык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктар жана шарттарды жаратуу үчүн тескери коомдук маанайды түзүүнүн белгилери бар", - деп жазылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Активист Орозайым Нурматованы бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.


Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Айрым саясатчылар активисттин кармалышын айыптап, анын бошотулушун талап кылышууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG