Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Бажы төлөмдөрү өстү деген соодагерлер пикетке чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Дордой" базарында иштеген 50гө чукул соодагер эски аянтка наарызылык акциясына чыгышты. Алар бажы төлөмдөрү өсүп, сырттан товарлар кымбат келип жатканына нааразы болушууда. Чогулгандардын басымдуу бөлүгү кездеме ташып иштегендер. Бул тууралуу атын атагысы келбеген ишкерлердин бири "Азаттыкка" кабарлады. Алар бажы төлөмүн мурдагы көлөмдө калтырууну кыргыз өкмөтүнөн суранып жатышат.

Нааразылыкка чыккандар менен экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев жолукту. Ишкерлердин талабын уккандан кийин, саат 16:00гө Бажы жана Салык кызматынын өкүлдөрү менен маселени талкуулоону сунуштады.

8-сентябрда "Дордой" базарынын соодагерлери бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эки эсе көбөйтүлгөнүн айтып, базардын аймагында пикетке чыгышкан. Алар бул маселе боюнча Бажы кызматына кайрылышканын, бирок түшүндүрмө берилбегенин айтышкан.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 9-сентябрда бажы алымдары эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу маалыматты четке каккан. Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо товардын бажы наркынын 0,25% бажы төлөмү, ЕАЭБдин ставкалары боюнча импорттук бажы алымы жана 12% кошумча нарк салыгы төлөнөт.

Ташып кирүү бажы алымынын белгиленген чендери Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Армения үчүн бирдей. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG