Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

"Талибан" аялдарды жана митингдерди тыйды


Герат провинциясында кыздардын крикет командасы машыгууда, 9-сентябрь, 2015-жыл.
Герат провинциясында кыздардын крикет командасы машыгууда, 9-сентябрь, 2015-жыл.

"Талибан" кыймылы дайындаган жаңы ооган өкмөтү биринчи эле күнү каршылык акцияларына убактылуу тыюу салды. Шаршемби күнү талибдердин өткөөл өкмөтү демонстрациялар "коомдук тартипти бузуп, араздашууга себеп болуп жатат" деп билдирди.

Аны улай "Талибандын" маданият боюнча комиссиясынын жетекчисинин орун басары Ахмадулла Васик аялдар Ооганстандагы популярдуу крикет оюнун ойнобошу керектигин австралиялык SBS News телеканалына курган маегинде айтты.

"Кыздар спортко муктаж эмес. Алар дене-башы ачылып, кийим кийүүнүн жол-жоболорун аткарбай калышат. Ислам буга жол бербейт", - деди Ахмадулла Васик.

Мындай чечимдер "Талибан" 1996-2001-жылдардагы элдин турмушун тескеген катаал чараларын кайра алып келбейби деген кооптонууларга жол ачты.

Кабулда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы 7-сентябрда жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган соң өлкөнүн өзүндө жана четтеги оогандар нааразылыкка чыгышты. Кабулдун жаңы өкмөтүндөгү таасирдүү орундарды “Талибан” радикал кыймылынын мүчөлөрү ээледи.

Жүздөгөн киши, анын ичинде балдар менен аялдар Кабулдун, алыскы Бадахшан жана түндүктөгү Парван провинцияларында көчөгө чыгып, өз укуктарынын сакталышын талап кылып, Пакистанга каршы чакырык ташташты. Көптөгөн оогандыктар коңшу Пакистанды “Талибан” кыймылын колдойт деп санашат, Исламабад болсо аны четке каккан.

Айрым демонстранттар “Талибандын” жоочулары чогулгандарды кууп-таркатуу үчүн күч колдонуп, асманга ок чыгарганын айтышты. Etilaatroz гезити талибдер Кабулдун Даште-Барчи районунда акцияны чагылдырып жүргөн эки журналистти "аёсуз токмоктоп" салышканын жазып, дене-башы көгала болгон эки кишинин сүрөтүн жарыялады. Гезиттин бештей журналистти кармалганы да кабарланды.

"Талибандын" өкмөтү дүйнөнү түпөйүл кылды

8-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Германиядагы маалымат жыйынында Вашингтон Кабулдагы өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн таржымалына тынчсызданып турганын айтты.

"Талибан" эл аралык деңгээлдеги легитимдүүлүктү жана колдоону көздөп жатат. Ар бир легитимдүүлүк, ар бир колдоо эмгектин арты менен келет", - деди Блинкен.

Шаршембиде 20дан ашуун өлкөнүн, анын ичинде Кошмо Штаттардын өкүлдөрү Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Германиядагы америкалыктардын Рамштейн аба базасында Блинкен немистердин тышкы иштер министри Хейко Маас менен сүйлөшүп, андан соң өнөктөштөрү менен онлайн форматта Ооганстандагы кырдаалды сүйлөштү.

Улуттар Уюмунун “кара тизмесинде” турган молдо Мохаммад Хасан Ахунд жетектеп, жалаң эркектерден турган жаңы ооган өкмөтү Кошмо Штаттардын жана башка өлкөлөрдүн тынчсыздануусун жаратты.

Кабул өкмөтүнүн дагы бир мүчөсү Сиражуддин Хакканиге АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу издөө жарыялаган.

“Талибан” радикал тобу Ооганстанда бийликти тартып алгандан кийин өлкөдөгү ар кыл топтордун башын кошкон мунаса өкмөт түзүлөрүн убада кылган. Бирок талибдердин жаңы өкмөтүнө Батыш мамлекеттери тынчсыздануу менен карап турат. “Талибан” соңку жумада убада берген, биз күткөндөй, Ооганстандын ар кыл этностук жана диний топторунун өкүлдөрү кирген өкмөт болбой калды” – деди Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Питер Стано.

Британ өкмөтүнүн башчысы Борис Жонсон Ооганстанда “ар кыл топторду кошкон” өкмөт куралат деп күткөнүн, “Талибанга” жасаган ишине жараша баа берилерин” эскертти.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москванын Ооганстандын жаңы өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү планы жоктугун, ушул тапта “орусиялык дипломаттардын коопсуздугун камсыздоо” башкы маселе экенин айтып чектелди.

Ал ортодо Пакистанда Ооганстан менен чектешкен өлкөлөр – Кытай, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери “аймактык туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыздоо” үчүн кырдаалды жөндөөнүн жолдорун онлайн форматта сүйлөштү.

Ал ортодо Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Ооганстандын коңшуларын жана Улуттар Уюмун оогандыктарды гуманитардык жана экономикалык кризиске кириптер кылбай, ар тараптан көмөктөшүүгө үндөдү.

"Эгер гуманитардык кризистин алдын алып, экономикалык туруктуулук болсо анда тынчтык орноп, сыртка агылгандар токтомок", - деди пакистандык министр.

Шаршембиде тажик президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдө эгемендиктин 30 жылдыгына арналган расмий жыйында Ооганстандагы абал Борбор Азиядагы кырдаалга "түздөн-түз терс таасирин" тийгизерин айтты. "Анткени чөлкөмдөгү коопсуздук оболу ошол коңшу өлкөдөгү жагдайдан көз каранды", - деди тажик президенти.

Панжшер аймагындагы Ахмад Масуд жетектеген "Улуттук каршылык көрсөтүү фронту" Кабулдун жаңы өкмөтүн “ооган элин кайраштыруунун айдан ачык мисалы” деп баалады.

Талибдер бир нече күн мурда бул аймакка толук көзөмөлүн орнотконун жарыялаган. Бирок Масуддун күчтөрү андай маалыматты четке каккан.

15-августта "Талибан" кыймылы Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган эле. Августтун этегинде Вашингтон америкалык аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG