Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Аба ырайы: чукул билдирүү


Бишкек.
Бишкек.

11-сентябрда Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт. 11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG