Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Улуттук борбор жабык жайларда медициналык жардам көрсөтүү начарлаганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

№1 тергөө абагында жаткан 66 жаштагы жарандын №47 мекемесине которуу өтүнүчү өз убагында канааттандырылбай калгандыктан каза болуп калган. Бул тууралу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 10-сентябрда тараткан маалыматта айтылат. Мекеме Кыргызстандагы абак жайларда өз убагында медициналык жардам көрсөтүү начарлаганын белгилейт.

"26-июлда ал оор абалында №47 жаза аткаруу мекемесине тез жардам менен жеткирилип, 10 күндөн кийин каза тапкан. Өкмөттүн токтомуна карабай, Азиз Батукаевдин чуулгандуу ишинен улам, оор абалда соттолгондор менен айыпталуучулардын көбү эркиндикке чыгарылбай келет", - деп билдирет Улуттук борбор.

Мындан сырткары рак илдетине чалдыккан аял абактан шарттуу түрдө бошотулуп, түрмөдөн чыккандан бир ай өтпөй оорусуна байланыштуу каза болгонун мисал келтирүүдө.

"Бүгүнкү күндө №2 аялдардын түзөтүү колониясынын медсанитардык бөлүмүндө оор абалда эки аял жатат. Биринчи оорулуу колониядан төрт жолу инсульт алган, 3-даражадагы артериалык гипертония, бөйрөк жетишсиздиги, аорта жана мээ артериаларынын атеросклерозу жана 2-даражадагы дисциркулятордук энцефалопатия менен жабыркайт. Акыркы эки жылдан бери ал балдак же майыптардын арабасы менен гана жүрө алат. Соттолгон экинчи аял дагы дайыма медициналык жардамга муктаж. Анын мээсинде шишик бар экени аныкталган", - деп жазылган борбор тараткан маалыматта.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова жабык жайларда дарыгерлер жетишпей турганын, бирок медициналык жардам көрсөтүлбөй калган учурлар жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG