Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

USAID Жалал-Абадда сарымсак өндүрүшүн кеңейтүүгө колдоо көрсөттү


Ишкер Жаңылай Капарова менен USAIDдин экономикалык өнүктүрүү кеңсесинин директору Жошуа Темплтон.
Ишкер Жаңылай Капарова менен USAIDдин экономикалык өнүктүрүү кеңсесинин директору Жошуа Темплтон.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсакты кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүүгө жана анын экспортун көбөйтүүгө колдоо көрсөттү. "Агросоода" долбоорунун алкагында Жаңылай Капарова жетектеген ишканага жапайы сарымсакты кургатуу жана кесүүчү жабдуу тапшырылды. Ондогон жаңы жумуш орундары түзүлүп, Өзбекстанга сарымсактын экспортунун көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Жаңы жабдуулардын жардамы менен ишкананын өндүрүмдүүлүгү дээрлик үч эсеге өсүп, сезонуна 30 тоннадан 80 тоннага чейин жетиши күтүлүүдө. Өзбекстанга экспорт гана көбөйбөстөн, сарымсак менен алек болгон жергиликтүү фермерлер да пайда көрүшөт. Буга чейин ишкана 15 дыйкандан сарымсак алып келсе, келе жаткан сезондо 220 фермер менен иштөө пландалып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган ишканада 10 адам туруктуу иштейт. Ишкер Капарова жаңы жабдуулар иштей баштаганда дагы 60 адам жумушка алынарын белгиледи.

Жапайы сарымсак дыйкандан чоң чыгымдарды талап кылбай, жамгардын суусуна өсөт. Андыктан дыйкандар алыс аймактарда мурда пайдаланылбаган жерлерди иштете алышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG