Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 05:51

Орусияда сот активист Мария Алёхинанын эркиндигин чектеди


Pussy Riot панк-тобунун мүчөсү Мария Алехина.

Москванын райондук соту “санитардык иштин” алкагында айыпталган активист Мария Алёхинанын эркиндигин бир жылга чектеди. Прокуратура эки жылдык мөөнөт берүүнү соттон суранган.

Pussy Riot панк-тобунун мүчөсү 23-январда элди нааразалык акциясына чакырып, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузууга тукурган деп айыпталууда. Прокурорлор Алёхинанын чакырыгы коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучуна түткү болгон деп санашат. Активист мындай күнөөнү мойнуна албайт.

"Санитардык иш" боюнча оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын дарыгери Анастасия Васильева да айыпталган, ага соттун чечими чыга элек.

Быйыл 23-январда жана 31-январда Орусиянын ондогон шаарында өткөн Навальныйды коргоо акцияларынан кийин бир топ киши кармалып, оппозиционердин үзөңгүлөштөрү камалган. Любовь Соболь менен Кира Ярмышты сот бир жарым жылдан кескенден кийин эткөө тең Орусиядын чыгып кеткен. Люся Штейн, Олег Степанов жана Николай Ляскин бир жылга камалды. Навальныйдын инисин сот шарттуу кескен.

Pussy Riot тобунун кыздары 2012-жылы панктарча кийинип алып чиркөөгө кирип, Путинге каршы ырдаганы үчүн камалган. Кийин мунапыс менен кыздар абактан бошонуп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG