Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Аялдардын тизмеден чыгышы АШКны таркатты


Ош шаардык кеңеши.

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрда Ош аймактык шайлоо комиссиясын таратты. Ага комиссиянын талапкерлер тизмесинен аялдарды жапырт чыгарган чечими себеп болду.

Мындан сырткары укук коргоо органдары Ош аймактык шайлоо комиссиясынын аракетинин мыйзамдуулугун териштирет.

"Мыйзам бузууларды таап, сөзсүз түрдө укук коргоо органдарына жиберебиз. Алар дагы тиешелүү иликтөө жүргүзүп, юридикалык баа берет", - деди БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров.

Аймактык шайлоо комиссиясы буга чейин Ош шаардык кеңешине сунушталган талапкер аялдарды тизмеден чыгарган. “Биздин Кыргызстан” менен “Ата-Журт Кыргызстан” партияларынан 77 киши ордун бошотсо, алардын 69у айым талапкерлер болчу.

Апрель айындагы шайлоодон кийинки нааразычылык митингинде тартылган сүрөт.
Апрель айындагы шайлоодон кийинки нааразычылык митингинде тартылган сүрөт.

Муну Боршайком шайлоо мыйзамдарын, гендердик теңдикти талап кылган мамлекеттик саясатты бузду деп тапты.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиялар шайлоого чейин тизмени формалдуу толтуруп, кийин андагы аялдарды чыгарганы туура эмес деп эсептейт:

"Формалдуу мыйзамдын талабын сактоо үчүн (аялдарды) тизмеге киргизип, шайлоо бүткөндөн кийин мандат бөлүштүрүүдө же андан кийин мамлекет тарабынан өткөрүлүп аткан гендердик квоталарды киргизүү, сактоо, коргоо саясатын "фикцияга" айландыруу аракеттери болуп жатканына күбөбүз. Мен партиялардын мындай аракеттери мыйзамга дал келбейт деп ойлойм. Шайлоо жараянынын принциптерине карама-каршы келет. Мындай аракеттерге жол бербешибиз керек".

"Кайра чыгуу үчүн эч ким тизмеге кирбейт"

Жогорудагы эки партиянын өкүлдөрү аялдардын жапырт тизмеден чыгышы табигый көрүнүш экенине ынандырып келет.

38 аял талапкерди тизмеден чыгарган “Биздин Кыргызстан” фракциясынын лидери Шайырбек Нуранов Боршайкомдун айткандарын четке какты.

"Атайын деген сөз бул жерде одоно колдонулуп калат. Ошол шайлоого катышкан аялдар эртең тизмеден чыгып кетишин билип, атайын партияга мүчө болгону акылга сыйбаган нерсе. Эч ким талапкерлигин коюп, шайлоодо жөн эле жүгүрбөйт да, туурабы?".

Окуяга байланыштуу активисттерден, бейөкмөт уюмдардан БШКга кат түрүндө 18 кайрылуу түшкөн. Мандат алган жана албаган аялдардын тизмеден чыгышы коомчулукта талкууга алынган.

АШКнын жоопкерчилиги

Ал арада Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) жоопкерчилиги боюнча да сөз козголууда. Иштен арыз жазып кеткенин айткан төрага Урмат Аттокуров жокко чыккан чечимдер тууралуу так жооп айткан жок.

"Партия тизмени алып келип берди. Биз добушка коёбуз. 12 мүчөнүн ар биринин ою бар да. Аны мен жалгыз чечпейм. Комиссиянын мүчөлөрүнө эч ким басым кыла албайт. Басым кыла турган адамдар ал жерде жок. Бардыгы жети партиядан келген адамдар".

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдары боюнча гендердик квота 30% болушу керек. Башкача айтканда, тизмеде бир жыныстагы кишилердин саны 70% ашпоого абзел.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касмалиева бул квотаны сактоого партиялар кызыкдар эместигине токтолду. Анын айтымында, саясатчылар атайын депутат болууга амбициясы жок, тааныш же тууган айымдарды эле тизмеге кошуп коёт.

"Тизмеге реалдуу күчтүү айымдарды киргизбей жатышат. Алар бар болгон күндө дагы партия лидерлери көбүнчө өзүнүн жакын адамдарын, тааныш-билиш, тууганын же аялын, дагы башка бир келиндерди киргизет. Мен сурасам, алар депутат болгусу келбеген эле аялдар экенин айтышты. Ошондуктан аялдар курал катары да пайдаланылып жатат".

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Эмне үчүн аялдардын депутат болгону маанилүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG