Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:38

Мандат алган өзбек айымдарынын мүдөөсү


Депутаттык мандат алган аялдар.

Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 квотасы аялдарга берилип, мандат үчүн 30дан ашуун аял талапкер болду.

Өзгөчө бул жолу шайлоого өзбек улутундагы аялдардын жигердүү катышканы жергиликтүүлөр үчүн чоң жаңылык болууда. Үйдө бала карап, талаада кетмен көтөргөн кыз-келиндердин укугун коргоп, билимге умтулган жаштарга дем берген депутат аялдар тууралуу айтып беребиз.

Хапизахон Сатыбалдиева 63 жашта. Ал 1993-жылы Ташкентте агрономдук окуу жайды аяктаган. Өмүр бою айылдагы кыз-келиндер менен талаа жумушунда иштеп келген эне 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер болуп, айылдын колдоосу менен шайлоодо жеңип чыкты.

Эми өзбек жамаатындагы аялдардын укуктарын коргоп, кыздарды эрте турмушка узатуу көрүнүшүнө каршы турууну көздөп жатат.

Хапизахон Сатыбалдиева
Хапизахон Сатыбалдиева

“Мени аялдар эле эмес, эркектер да колдоп, шайлоодо жеңишке жеттим. Эми депутат болгон эркектер менен теңата иштей алам деп баратам. Башкысы - мен өзбек аялдарынын саламаттыгы жана эркин жашоосу үчүн аттанган алгачкы депутат аял болдум. Кыз-келиндердин ички көйгөйлөрүн чечип, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы туруп, жаштарга дем берген депутат аял болом”.

Жергиликтүү кеңешке Арапат Юлдашева да депутат болду. Өмүр бою мугалим болуп иштеген Юлдашева да өзбек жамаатындагы кыз-келиндердин абалына, өзгөчө билимден өксүп жатканына тынчсызданат.

Ал депутаттыкка эмес, көчөгө чыгууга уруксат берилбеген чөйрөдөн депутат болуп суурулуп чыгуу оңой болбогонун белгилейт.

Арапат Юлдашева
Арапат Юлдашева

“Депутаттыкка аттанган элем, артымда турган жүздөгөн өзбек аялдары колдоп берди. Мен эч бир сөзгө көңүл бурбастан, үйүнөн чыга албаган, эркиндикти эңсеген кыз-келиндер үчүн күрөшкө чыктым. Депутат болуп ишти баштаган күнү 16 жашында турмушка чыккан кыздардын билим алып, иштешине жана эркин болушуна салым кошом”.

Өз добушун аялдарга берген Сузак айылынын жашоочусу Гүлчехро Диванаева соңку жылдары өзбек аялдары активдешип, өз укуктарын коргоого аракет кыла баштаганына сүйүнөт. Ал кызы да билимдүү болуп, эл башкарган аялдардын катарын толуктаса деп тилейт.

Сузак айылы
Сузак айылы

“Менин үй-бүлөмдүн баары билимдүү. Коомдук талкууларга катышып, аялдардын укугун талаша билгендиктен менин да буга карата көз карашым жакшы. Ал эми өзбек жамааттарында аялдарга болгон кысымдар болуп көрбөгөндөй, аны үй-бүлөдөн башка эч ким билбейт. Кызым көз жарып, азыр үйдө отурат. Келечекте кызымды депутат кылууга аракеттенип жатам. Себеби өзбектерде кыздарга көчөгө чыгууга же эркектер жүргөн жерге барганга уруксат бербейбиз го. Ушундай терс көрүнүштөн арылып, кызымды эркин сүйлөп, эркектер менен чогуу иштей алганга тарбиялап жатам. Жаштардан үмүтүбүз чоң”.

Жергиликтүүлөр арасында аялдардын жеңишине көп ишеним арта албай тургандар басымдуулук кылат.

Бир кезде алардын арасында жүргөн айыл тургуну Кадыркожо Сатыбалдиев бул жолу өз добушун ойлонбостон аялдардын пайдасына бергенин жашырбайт. Ал коом эскиче ой жүгүртпөшү керек деген пикирде.

Кадыркожо Сатыбалдиев
Кадыркожо Сатыбалдиев

“Биринчи жолу өзбек аялдарын шайлоодо көрдүм жана колдодум. Эркектер жасаган жумушту аялдар да жасай аларын көрсөтүшөт. Алгач эркектер аялдардын талапкерлигин бир аз туура көргөн эмес элек. Анткени өзбектерде кыз-келиндер үй тиричилиги менен алек болушу керек. Бирок бул жолу эркек депутаттар аялдарды жакшы колдошту. Өзбек жамааты да кыздарын окутуп, депутат кылса болот экен. Ал эми бул күнгө чейин бизде кыздарды окутуу дегенди колдочу эмеспиз. Аялдардан үмүт чоң”.

11-апрелде өткөн шайлоодо Сузак айылдык кеңешине берилген 31 мандаттын 12 квотасы аялдар үчүн бөлүнгөн. Бул жолу шайлоого талапкер болгон 111 кишинин ичинен 32си аялдар болду. Өткөн эки жолку шайлоодо 31 мандаттын бирөө гана аялга тийген эле.

Эки жолку чакырылыштын депутаты Бегзат Абдурашидов ошондо да жалгыз депутат аялга мандатты ыраа көрбөгөндөр чыкканын белгиледи. Анткени депутат аял эркектер түшүнө албаган гендердик теңдик, аял укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүп турчу.

Шайлоодогу үгүт ишинде чогулган аялдар. Арал айылы.
Шайлоодогу үгүт ишинде чогулган аялдар. Арал айылы.

“Эки жолку шайлоонун биринде жалгыз аял депутат келип иштеп калды. Аял эркектерден айырмаланып сезимтал болушат. Эркектер билбеген үй-бүлөлүк, социалдык маселелер боюнча такай айтып турат экен. Бизде деле жалгыз аялды жаман көрүп, "иштебей эле койсо болмок" дегендер болгон. Эгерде бул жолу 12 аял депутат болсо, алар аймактагы айымдардын көйгөйүн толук жеткире алат”.

Жалал-Абад облусунда 11-апрелде өткөн шайлоого 3609 талапкер аттанса, алардын 993ү аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 27,5 пайызын түзөт. Облус боюнча берилчү 1352 мандаттын 529 аялдарга тиешелүү.

БШК өкүлдөрү бул жолу Жалал-Абадда аялдардын талапкерлиги активдүү көрсөтүлгөнүн белгилешкен.

Эмне үчүн аялдардын депутат болгону маанилүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG