Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Донорлор Ооганстанда гуманитардык кризиске жол бербөө үчүн 1 миллиард доллар убада кылышты


Ооганстан боюнча конференция. Женева. 2021-жылдын 13-сентябры.
Ооганстан боюнча конференция. Женева. 2021-жылдын 13-сентябры.

Ооганстанга жардам катары 1 миллиард доллар убада кылынганын Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антонио Гутерриш 13-сентябрда донорлордун эл аралык конференциясынын жыйынтыгында билдирди.

Женевада өткөн конференцияда сүйлөп жатып ал согуштан жана кургакчылыктан жапа чегип турган Ооганстанга жардам берүү үчүн кол сунууга чакырды.

“Ондогон жылдардан берки согуштан, жабыркоодон жана коопсуз тынч жашоонун жоктугунан оогандыктар азыр эң оор күндөрдү баштан өткөрүүдө”, - деди Баш катчы 40ка жакын өлкөнүн өкүлү катышкан жыйында.

Улуттар Уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, гуманитардык кризиске жол бербөө үчүн Ооганстанга 600 миллион доллардай каражат керек болууда.

Жыйынга катышкан өлкөлөрдүн көбү жардам берүүгө даяр экенин, бирок жалаң эркектерден жана согушкерлерден куралган талиб өкмөтүнө толук ишеним болбой жатканын билдиришти. Алар “Талибандан” адам укуктарынын сакталышына кепилдик талап кылышты.

Антонио Гутерриш ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн талиб өкмөтү менен кызматташпай коюу мүмкүн эместигин белгиледи. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG