Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Блинкен: АКШ Ооганстан боюнча ролун аныктоо үчүн Пакистанга карата мамилесин карап чыгат


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШ Ооганстандын келечеги боюнча ролун аныктоо үчүн жакынкы арада Пакистанга карата мамилесин карап чыгат. Бул тууралуу 13-сентябрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгрессте сүйлөп жатып билдирди.

“Биз Пакистан соңку 20 жыл ичинде кандай роль ойногонун карап чыгып, өзүбүздүн да жакынкы жылдарга карата багытыбызды аныктайбыз”, - деди Блинкен Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан бери Конгресстеги алгачкы сөзүндө.

Блинкен Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде сүйлөп жатып Пакистандын көптөгөн кызыкчылыктары арасында Кошмо Штаттардын кызыкчылыктарына дал келбегендери бар экенин айтты.

Бул аптада Блинкен Конгрессте эки жолу маалымат берет. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Ооганстанга байланыштуу сынга кабылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG