Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

ЖЭБ иши: Калиев менен Авазов абактан чыкты


Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов абактан чыкты. Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова алар жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылганын "Азаттыкка" кабарлады. Алардын качан жана кайсы жактан чыкканы тууралуу маалымат айтылган жок. Адвокат Эрнис Саданбеков "Азаттыкка" Калиев менен Авазовго президент ырайым бергенин билдирди.

Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан. "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга абакка кесилген.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар чиновниктер камалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG