Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:32

Кытай Кыргызстанга 100 миллион доллар берүүгө даярдыгын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай өкмөтү Кыргызстанга 100 миллион долларга жакын каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу 16-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди. Бул акча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында берилери айтылды.

Мындан тышкары кытай тарап коронавируска каршы вакцинасынан дагы 1 миллион доза берери маалым болду.

Жапаровдун Кытайдын башкы дипломаты менен жолугушуусу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрүп жаткан аймактык саммиттер алкагында өттү.

Коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташса эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын кайрадан ачуу керектиги белгиленди.

Ооганстандагы соңку абал талкууланып, эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын бул багытта кызматташуусунун маанилүүлүгү белгиленди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG