Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Армения Азербайжанга байланыштуу Гаага сотуна кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Армения Азербайжанды ондогон жылдар бою армян жарандарынын жана этникалык армяндардын укугу бузулганы үчүн айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылды. Гаага соту 16-сентябрда билдиргендей, Армения Азербайжан өкмөтү “армяндарга карата расалык басмырлоо, аларды жек көрүү боюнча мамлекеттик саясат жүргүзгөн” деп эсептейт.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү таратып, ошондой эле айыптар менен Арменияны сотко бермей болуп жатканын билдирди.

2020-жылдын күзүндө бул эки өлкө Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумадай согушкан. 7 миңдей адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон ок атышууну токтотуу боюнча келишимден кийин басылган. Ага ылайык, расмий Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган. (RK)

XS
SM
MD
LG